Ромелу Лукаку Бельгияга ири эсепте жеңиш алып келди

Бүгүн, 18-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "G" тайпасынын оюндарынын алкагында Орусиянын Сочи шаарында Бельгия менен Панама курама командаларынын беттеши өтөт. "Фишт" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.

20:50. Бельгия курама командасынын тизмеси

  • Дарбазачы: Тибо Куртуа ("Челси", Англия);
  • Коргоочулар: Тоби Алдервейрелд ("Тоттенхэм", Англия), Дедрик Боята("Манчестер Сити", Англия), "Андерлехт") Томас Менье ("ПСЖ", Франция), Ян Вертонген ("Тоттенхэм", Англия);
  • Жарым коргоочулар: Янник Феррейра Карраско ("Далянь Ифан", Кытай ), Кевин де Брюйне ("Манчестер Сити", Англия), Эден Азар ("Челси", Англия), Аксель Витцель ("Тяньцзинь Цюаньцзянь", Кытай);
  • Чабуулчулар: Ромелу Лукаку ("Манчестер Юнайтед", Англия), Дрис Мертенс ("Наполи", Италия).

20:52. Панама курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Хайме Пенедо ("Динамо", Румыния):
  • Коргоочулар: Эрик Давис ("Дунайска Стреда", Словакия), Фидель Эскобар ("Нью-Йорк Ред Буллз", АКШ), Михаэль Мурильо ("Нью-Йорк Ред Буллз", АКШ), Роман Торрес ("Сиэтл Саундерс", АКШ);
  • Жарым коргоочулар: Эдгар Барсенас("Тапачула", Мексика), Армандо Купер ("Универсидад де Чили", Чили), Анибаль Годой ("Сан-Хосе Эрткуэйкс", АКШ), Габриэль Гомес ("Букараманга", Колумбия), Хосе Луис Родригес ("Гент", Бельгия);
  • Чабуулчулар: Блас Перес ("Мунисипаль", Гватемала),

20:55. Командалар оюн талаасына чыгып, мамлекеттик гимндери жаңырды.

21:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.

21:01. Беттештин башкы калысы Женни Сиказве (Замбия) болмокчу.

21:02. Ромелу Лукаку сокку узатканга үлгүрдү. Бирок топ дарбазадан жогору өтүп кетти.

21:03. Алгачкы эреже бузуу. Бельгиялыктар эреже бузуп, панамалыктар сокку узатат.

21:05. Янник Карраско сокку узатканга үлгүрдү, күчтүү узатылган соккусун Хайме Пенедо тосуп алды.

21:07. Дрис Мертенс жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду. Анын таамай узатылган соккусун Пенедо кайтарууга жетишти.

21:10. Коргоочунун катачылыгынан улам Эден Азар жакын жерден сокку узата алды. Бирок таамай болгон жок.

21:13. Алгачкы сары кагаз бельгиялык оюнчуга көрсөтүлдү. Анын ээси Томас Менье болду.

21:16. 15 мүнөттүн жыйынтыгында бельгиялыктар топко 65 пайыз ээлик кылууда.

21:18. Эрик Дэвис орой ойногону үчүн сары айып кагазына ээ болду.

21:19. Мертенс кооптуу сокку узатты. Дарбазага багытталган сокку дарбазанын бурчунан жакын жерден өтүп кетти.

21:21 Айып аянтчада күтүп турган Лукакуга багытталган чыгарып берүүсүн коргоочу кайтарганга жетишти. Коргоочу жок болсо Лукаку эсеп санын ачмак.

21:22. Кевин Де Брюйне 25 метр аралыктан узаткан соккусу дарбазадан бир аз жогору өтүп кетти.

21:24. Бельгиялыктар 4-бурчтан чыгаруусун аткарышты. Бирок аракети ийгиликсиз болду.

21:26. Азар алыстан сокку узатты, бирок таамай болгон жок.

21:27. Панамалыктар Азарга каршы орой ойноодо. Бельгиялыктар айып сокку аткарышат.

21:28. Де Брюненин соккусу Армандо Куперге тийип, Купер дарыгерлердин жардамына муктаж.

21:30. Беттештин жарым сааты артта калды. Азырынча Панаманын коргоонуусу мыкты болууда.

21:31. Статистикага көңүл бурсак жарым сааттын ичинде Бельгия топко 60 пайыз ээлик кылды. Соккулар боюнча статистикада 7:1, Бельгия алдыда.

21:34. Панамалыктар контр-чабуулга чыгып, бельгиялыктарды тынчсыздандырды. Родригестин айып аянтчага багыттаган чыгарып берүүсүн коргоочулар талаадан сырткары чыгарды.

21:37. Эден Азар мыкты мүмкүнчүлүктү жаратты. Каршылаштарын алдап өтүп айып аянтчага кирген Азар күчтүү сокку узатты. Анын соккусу таамай болгону менен, аны дарбазачы кайтара алды.

21:40. Панамалыктар кайрадан Азарга каршы орой ойношту. Бельгия айып сокку аткарат.

21:41. Де Брюйненин чыгарып берүүсүн кийин Мертенстин дарбазага багыттаган соккусу таамай болгон жок.

21:42. Армандо Купер алыстан сокку узатты. Соккусу күчтүү, бирок таамай эмес.

21:44. Эден Азар эреже бузууда. Айып соккуну панамалыктар аткарат.

21:45. 1-таймдын негизги убактысы бүттү, калыс дагы 2 мүнөт ойногонго мүмкүнчүлүк берет.

21:46. Йоэль Барсенас эреже бузуп сары кагаздын ээси болду.

21:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.

22:04. Калыс 2-таймга старт берди.

22:05. Го-о-о-л! Бельгия курамасы эсеп санын ачты. Дарбазачы Мертенстин соккусун кайтара алган жок.

22:07. Армандо Купер кайрадан эреже бузуп сары айып кагазын алды.

22:09. Панамалыктар бельгиялыктардын басымына чыдабай жаткан кези. Панамалыктар 3 мүнөттүн ичинде 4 жолу эреже бузду.

22:13. Мурильо жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно алган жок. Дарбазачы менен бетме-бет чыгып, соккусун Куртуа кайтара алды.

22:14. Анибаль Годой калыс менен сөз талашканы үчүн сары айып кагазга ээ болду.

22:17. Ян Вертонген атаандашын жыгылтканы үчүн сары айып кагазына туш болду.

22:21. Панама курамасы дароо 2 оюнчусун алмаштырат. Йоэль Барсенастын ордуна Габриэль Торрес, Луис Родригестин ордуна Исма Диас чыгат.

22:23. Годой кайрадан эреже бузду. Де Брюйне айып соккуну узатат.

22:24. Статистикага көңүл бурсак Бельгия топко 61 пайыз ээлик кылууда.

22:27. Го-о-о-л! Де Брюйне атаандашынын айып аянтчасында Лукакуга мыкты чыгаруу жасады. Лукаку топту башы менен дарбазага багыттап эсепти 2:0 кылды.

22:31. Панаманын курамасында алмаштыруу. Юлас Перестин ордуна Луис Техада чыгат.

22:33. Бельгия дагы оюнчусун алмаштырды. Янник Карраскону Муса Дембеле алмаштырды.

22:34. Г-о-о-л! Лукаку эсепти 3:0 кылды. Ромелу Лукаку дарбазачы менен бетме-бет туш келип, анын соккусу дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.

22:40. Панамалыктар Мертенске каршы орой ойноп жыгылтышты. Айып соккуну бельгиялыктар аткарат.

22:41. Айып соккуну Эден Азар аткарды. Бирок анын соккусу футболчулардан түзүлгөн дубалга тийди.

22:42. Бельгиялыктарда алмашуу. Мертенстин ордуна Торган Азар чыкты. Айта кетсек, Торган Эден Азардын иниси болот.

22:46. Де Брюйне кокустан каршылашын ичке тээп алды. Калыс аны байкап ага сары айып кагазын ыйгарды.

22:48. Аксель Витцель оюн талаасын таштады. Аны Насер Шадли алмаштырды.

22:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс бул беттешке 4 мүнөт кошту.

22:50. 90 мүнөттүн ичинде Бельгия курамасы топко 61 пайыз ээлик кылышты.

22:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна чыкты. Бельгия курамасы алгачкы беттешинде 3:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Бельгия Панаманы ири эсепте утуп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Moscow000
2018-06-18 22:28:52
2:0
0
Aitik
2018-06-18 23:02:36
VAR деген система иштебей жатат.
Бир кайталоосун корбодум
0
kutlibek
2018-06-19 03:57:40
Pay Marketде ОРТ каналын (Чемпионат мира по футболу FIFA на 1) деген приложениени жуктоп алып, прямой эфир коруп жатабыз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан