Абакта жаткан Түркия президенттигине талапкер бир кишинин бийлик жүргүзүүсүн токтотууга чакырды

Түркия президенттигине талапкер, абакта жаткан күрд саясатчысы Селахаттин Демирташ учурдагы бийликти сындап чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Демирташ 24-июнда өтө турган президенттик шайлоодо бир кишинин бийлик жүргүзүүсүнө каршы добуш берүүгө чакырган жана алдыда мындан да оор күндөр келе жатканын эскерткен.

"Элдик демократиялык" партиясынын лидерлеринин бири Демирташ 2016-жылдан бери күрд согушкерлери менен байланышы бар деген айып менен абакта жатат. Партия бийликтин бул аракетин оппозицияга кысым кылууда деп баалап келет.

Эске салсак, 18-апрелде президент Режеп Тайып Эрдоган 24-июнда кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан