Бүгүн Колумбия-Япония, Польша-Сенегал жана Орусия-Египет беттештери орун алат

Бүгүн, 19-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин тайпалык оюндарынын биринчи айлампасынын алкагында "Н" тайпасындагы Польша, Сенегал, Колумбия жана Япония курамалары алгачкы оюндарын өткөрөт. Ал эми "А" тобундагы Орусия менен Египет тайпалык баскычтагы экинчи беттешин өткөрөт.

Колумбия жана Япония курамаларынын оюну Саранск шаарында орун алган 45 миң орундуу "Мордовия Арена" стадионунда Бишкек убактысы менен саат 18:00дө орун алат. Беттешти словениялык калыс Дамир Скомина тейлейт. Буга чейин Япония Колумбияны бир да жолу жеңе алган эмес. Эки команда тарыхында үч жолу кез келип Колумбия эки жолу жеңишке жетсе, бир жолу тең чыгышкан.

Польша жана Сенегал оюну Москва шаарында жайгашкан "Спартак" стадионунда Бишкек убактысы менен саат 21:00дө башталат. Аталган эки команда буга чейин беттешкен эмес, мындан улам кайсыл команда жеңишке жетсе команданын жеке тарыхына жеңүүчү деп жазылып калат. Ал эми беттешти бахрейндик калыс Наваф Шукралла тейлейт.

Бул күндүн негизги беттеши делген Орусия менен Египеттин оюну саат 00:00дө Санкт-Петербург шаарында орун алган "Санкт-Петербург" стадионунда өтөт. Ал эми беттешке башкы калыс болуп парагвайлык Энрике Касерес дайындалган. Эки курама тарыхында алгачкы ирет кез келип жатышат. Ошондой эле бул беттеште Египеттин чабуулчусу Мохаммед Салах оюнга чыгууга даяр экенин видео кайрылуу жасап айткан. Буга чейинки оюнда Орусия Сауд Арабияны 5:0 эсебинде жеңсе, Египет Уругвайдан 1:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Kuyoo_bala
2018-06-19 15:06:29
Салахка Аллахым ийгилик берсин,аминь!
+3
urmat94
2018-06-19 15:14:52
Россия 1-3 Египет
-1
Rasul94
2018-06-19 15:19:27
Россия Египетти жон эле апалатат.алга Россия.
Минусчуларга жол ачык
+1
bond02
2018-06-19 15:28:04
Rasul94,Россияда иштейм деп эле орустарга болеть эте бересинерби, тарыхта бир жолу Россия Арабияны женип алса.
+3
Rasul94
2018-06-19 16:18:53
bond02,Египетти женет башкасын
айтпадым
-2
Matahara1980
2018-06-19 16:25:49
Rasul94,Россияга ийгилик египет бизге ким эле, канча мекендештерибиз журот россияда
+2
aksuu_aduk
2018-06-19 15:21:57
Менин божомолум 1-1
+5
nemo2016
2018-06-19 15:51:32
Россияны колдойм ошол россияда нанымды таап уй буломду багып келетам алга россия
+5
Azatbek.Svoboda.
2018-06-19 20:16:44
nemo2016,Причём тут футбол? Бизделе Орусияда нан таап жатабыз! Тополоң болот деп коркуп эле Орусия дей бериш керекпи? Ар кимдин өзүнө жаккан командасы бар!
-1
VnUk_
2018-06-19 15:58:42
Впереееееед Россия!!!!!!
+5
asdef
2018-06-19 16:01:02
15-1
+2
Edward.14
2018-06-19 16:20:48
Россияга ийгилик!!!
+2
nuri1
2018-06-19 16:30:00
Россия 5 Египет 0 менен утулсун. Россия алдыга.
+3
Makkambaev97
2018-06-19 16:51:45
Хамес хет-трик
-3
jumaev0084
2018-06-19 16:56:25
Алга Россия мигрантар сен менен перёт Россия
+2
Spartak16
2018-06-19 19:14:19
Алга Россия!!! Араптардын ХХХХХХХХ
+1
anonymous
2018-06-19 23:15:43
Египет жеңет.Россия ойной албайт футболистери чуркай албайт түз тебе албайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан