Түрк телеканалдары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарын түз эфирде көрсөтөт. Мындай маалыматты Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуу учурунда айткан.
“Түрк телеканалдары маалыматтык колдоого даяр. Алсак, "Анадолу" маалымат агенттигинин кабарчылары дүйнөнүн дээрлик бардык жерлеринде бар. Биздин жаңылыктар дүйнөнүн 13 тилинде чыгат. Биз III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу көп өлкөлөрдүн жашоочулары билишин каалайбыз”, - деп белгилеген Женгиз Камиль Фырат.
Ошондой эле элчи Түркиянын Жаштар жана спорт министрлиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн спортчуларды тандоо маселелерин чечип жатканын айтып, буларга токтолгон.
“Муну менен бирге оюндарга Түркия Республикасынан артисттер келишет. Көчмөндөр оюндарын колдоо максатында мелдештердин катышуучулары үчүн 600 даана кийим даярдоону каржылайт. Мындан тышкары түрк авиакомпаниялары өз учактарынын бортторунда алдыдагы оюндар тууралуу промороликтерди көрсөтүүгө жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотибин учактарында жайгаштырууга даяр”, - деген.
Ал эми вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эки өлкөнүн өз ара мамилелери жогорку деңгээлдеги эки жактуу кызматташуу менен сыпатталган бири-бирине жакын мамлекеттер экенин белгилеп, эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ишкер форумду өткөрүү мүмкүндүгүн карап чыгуу тууралуу айткан.