"Монако ханайымы", "Билли Батгейт", "Бангкок Хилтон" жана башка тасмалардагы ролу менен белгилүү болгон австралиялык продюсер жана актриса Николь Кидман бүгүн, 20-июнда 51 жашка толду.
Ал 1967-жылы Американын Гавайи штатында туулган. 4 жашынан тарта балетке катышып, кийинчерээк актрисалык кесипке кызыгып кеткен. Дебюттук ролун 15 жашында “Токойдогу Рождество” тасмасында чагылдырган. 2003-2004-жылдар актрисанын карьерасындагы атактуулугу артып турган учур болгон. Өзгөчө "Башкалар", "Котормочу" тасмалары эбегейсиз популярдуулук алып келген.
Кино жаатындагы ийгилигинен кийин жарнамалык роликтерге тартыла баштаган. Тагыраагы, "Chanel" мода үйү жана парфюмердик компаниясы менен келишим түзөт. Ал тартылган "N° 5 the Film" жарнамасына бразилиялык актёр Родриго Санторо да тартылып, бул жарнама миллиондогон кароолорду топтойт. 4 мүнөттүк жарнамалык роликтин баасы 44 миллион долларга бааланып, тарыхта калган. Ал эми актриса андагы эмгеги үчүн 3 миллион доллардан ашуун гонорар алып, рекорд жасаган. мындан тышкары Николь Кидман швейцариялык "Omega" саат компаниясынын жүзү болгон.
Николь Кидман эки жолу турмушка чыккан. 1990-жылы актёр Том Крузга турмушка чыгып, Изабелла жана Коннор аттуу бир кыз, бир уулду багып алган. Түгөйлөр 2001-жылы ажырашып кеткен.
Кийин 2006-жылы музыкант жана ырчы Кит Урбан менен турмуш жолуна аттанган. 2008-жылы кыз төрөп, атын Сандэй Роуз койгон. Ал эми 2010-жылы Фэйт Маргарет аттуу кызы карын эненин жардамы менен жарык дүйнөгө келген.
20-июндун жылнаамасы.