Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Кытайда өткөн кинофестивалда эң мыкты актёр наамын багындырды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Кытайдын Циндао шаарында өткөн кинофестивалда "Түнкү кырсык" тасмасындагы ролу үчүн эң мыкты актёр наамын багындырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына режиссёр Темир Бирназаров билдирди.

"Эл аралык "Алтын чардак" кинофестивалы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөр арасында өттү. Анда 60тан ашуун тасма катышкан. Кыргыз жергесинен барган делегацияны кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жетектеген. Кыргыз тасмаларынан "Атанын керээзи", "Назик ханбийке", "Апамды издеп", "Асман алдында" жана "Түнкү кырсык" тасмалары катышкан. Алардын ичинен менин "Түнкү кырсык" тасмамда башкы ролду жараткан Акылбек Абдыкалыков эң мыкты актёр наамын алды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль 13-июнда башталып, 18-июнь күнү жыйынтыкталган. "Алтын чардак" кинофестивалы быйыл алгачкы жолу өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2018-06-20 05:17:11
Молдец! Куттуктайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан