Ысык-Көл. Нарын шаарында өтүүчү фестивалга Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры "Өлүп тирилгендер" драмасы менен катышат

1-июль күнү Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы мамлекеттик драма театрында Таттыбүбү Турсунбаеванын 80 жылдык мааракесине арналган театралдык фестиваль өтөт. Фестивалга өлкөнүн бардык облустарынан келген театр кызматкерлери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрдын директорунун орун басары Данил Сыдыковдун айтымында, аталган фестивалга Көл аймагынан 13 театр кызматкери “Өлүп тирилгендер” аттуу фантастикалык драма менен катышышат. Учурда ысык-көлдүк  актёрлор фестивалга кызуу даярдык көрүп жаткан учуру.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан