Дүйнө биринчилигинде 2 оюн катары менен жеңилген Египет курама командасынын машыктыруучусу кызматынан кетет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, аргентиналык машыктыруучу кызмат ордунан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу бүткөн соң кете тургандыгы айтылууда.
Ал эми Купер Орусия курама командасы менен болгон беттештен соң орун алган маалымат жыйынында бул маселе бир гана анын оюнан көз каранды эмес экендигин билдирген.
"Кызмат ордумда каламбы же жокпу азырынча белгисиз. Эгерде бул маселеге жооптуу адамдарды менин аткарган ишим канааттандырбай жатса, мен өзүм кетем", - деп билдирген машыктыруучу.
Эскерте кетсек, Египет курама командасы алгачкы беттеште Уругвай курамасына 0:1 эсебинде утулса, 2-оюнда Орусиянын улуттук курама командасына 1:3 эсебинде жеңилип калган.