КҮНСЕРЕП: Коррупционерлер жеген самсанын пулун эл төлөйбү?

Бүгүн, 20-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

КСДП Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун атынан билдирүү жарыялады. Анда баш калаанын башчысы өзүнө ачылган кылмыш ишин "саясий негиздеги иш" деп атады. 7 жыл мурунку иштер боюнча эми кылмыш ишинин козголушу, ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген мурунку жана учурдагы чиновниктердин камакка алынып жатышы шаар башчысына күмөндүү көрүнүп, “саясий куугунтук болуп жатат” деп жарыялоого негиз бергени айтылат. Албек Ибраимов Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Канат Исаев өӊдүү Атамбаевдик бийликтин оппоненттерине да 7-8 жыл мурунку окуяларды бетке кармоо менен ар кандай кылмыш иштери козголгондо "саясий негизде болуп жатат” деп айткан эмес. Ал саясатчылардын алды 12, арты 5 жылга соттолушту. Учурда Кыргыз жарандары өлкөдө жүрүп жаткан окуялардын мисалында саясатта шамалдын багыты канчалык бат өзгөрөрүнө күбө болушууда.

УКМК 2012-жылы мамлекеттик "Дастан" ишканасынын жетекчиси Албек Ибраимов "Дастан Инжиниринг" компаниясы менен 533 миң 760 долларга 80 даана атайын тетик сатып алуу жана жеткирүү боюнча келишим түзгөнүн, "Дастан Инжиниринг" тетиктерди Украинадан 63 миң 400 долларга гана алып келип, мамлекет 470 миң 360 доллар зыян тартканын жарыялады. Ибраимов 533 миң 760 доллар "Дастан Инжиниринг" койгон баа дейт. Ал учурда "Дастанда" башка вариант болбогонун, Индияга 12 аскер торпедасын даярдап, жеткирүү келишимин өз убагында аткаруу үчүн "Дастан Инжиниринг" менен иштешүүгө туура келгенин айтат. Ибраимовдун аты аталып, бирок логикалык жыйынтыгына жетпей жүргөн башка окуялар дагы бар. 2016-жылы "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев “Албек Ибраимов жетектеп турган маалда "Манас" аэропортуна реалдуу баасы 2 миллион доллар турган тамак-аш даярдоочу цех 12 миллион долларга сатып алыныптыр” деп маселе көтөрүп, депутаттык комиссия аркылуу бул маалыматты иликтөөгө белсенип чыккан. Бирок Текебаев камакка алынып, маалыматтын чын-төгүнү такталбай кала берген.

2016-жылы "Дастан" ишканасына тийиштүү, Максим Бакиев кол алдындагы ишканалары аркылуу ээлеп алган 2,7 гектар жер мамлекеттик ишкананын балансына кайтарылып, бирок Ибраимов аркылуу суроолуу жагдайда сатып алынып, колдон-колго өткөрүү менен ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге сатылганын айтып чыккан. Факты Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ырасталган. Ошол кездеги Башкы прокуратура 2,7 гектар жер мыйзамдуу сатылган деген жыйынтык чыгарган. Мамлекеттик машина Албек Ибраимовго байланыштуу 7 жыл мурунку окуяны иликтей баштаса, демек, акырындап отуруп жер окуясына да келип такалары түшүнүктүү...

Бир нече окуялар боюнча УКМКнын тергөөсүнө туш болуу тагдыры Атамбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген Кубанычбек Кулматовго да туш келди. Ага алгач Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишинин алкагында "коррупция" боюнча кылмыш иши ачылса, эми Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деген негизде кылмыш иши козголду. УКМКнын маалыматына таянсак, Кулматов 1995-жылы Орусиянын жарандыгын алып, ал эми 1996-жылы СССР жараны деген паспортун колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган. Кулматов бул паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган. Кулматовдун кош жарандуулугу боюнча буга чейин да бир нече ирет маселе көтөрүлгөн. Бирок мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган ал кезде Кулматовдун мындай биографиясынан мыйзам бузууну көрчү эмес...

Жыл башында өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бажы кызматынын ал кездеги башчысы Кубанычбек Кулматов "Ош" бажысынын кирешеси 10 эсе, Борбордук бажынын кирешеси 2 эсе өскөнүн жарыялашкан. Мурдагы бийликтин командасы бул өсүштү 2017-жылдын аягында Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасы кылып дайындаган Кубанычбек Кулматовдун коррупцияга каршы күрөшүнүн жемиши катары көрсөтүшкөн. Азыр бул Кулматовдун ийгилиги эмес, болгону жыл башында Кытайдан келген импорттун көлөмү кескин өскөнү үчүн киреше көбөйгөн деген маалымат коомчулукка кеңири жайылтыла баштады. Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оӊолбеков азыркы тапта бажыдагы төлөмдөр былтыркы деӊгээлде экенин айтты.

КСДП азыркы бийликти экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасын куугунтуктабай, Бажыдагы коррупцияны тыюуга үндөп келет. Өткөн айда депутат Жанар Акаев Кулматов кызматтан кеткенден кийин "Ош" бажысында коррупция кайра күч алганын, ар бир фурадан 2 миӊ доллардан пара алып жатышканын айтып чыккан. Ал эми Бажы кызматы депутат айткан маалымат териштирилип жатат деп чектелген. Бажынын кирешеси жыл башындагыдай эселеп өспөй турганын айтат, Оӊолбеков. Мурдагы бийлик сезондук өсүштөн өзүнө пиар жасаган же Жээнбековдук бийлик бажыдагы коррупцияны калкалап жатат. Социалдык тармактарда ушул эки суроону талкууга алуу күчөдү...

Өкмөт атайын 2 банктык эсеп ачмакчы. Биринчиси - коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн акчаны топтоо үчүн, экинчиси - мамлекетке жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн. Бул эсепке чогулган акча өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшалат дешүүдө. Өткөн айда парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекеттик карызды төлөө үчүн атайын фонд түзүп, ага каалоочулардан акча топтоону сунуштаган. "Карызды байлар эле төлөп коёлу", - деген депутат. Ушундай сунушту айрым жарандык активисттер да айтышкан. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландары, демилгеси жок, иштин көзүн билбейт деп саясатчылар тарабынан сындалып жаткан Абылгазиевдин өкмөтү демилгени колго алды. Ал эми коррупционерлерден өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн банктык эсеп ачуу президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси. Өкмөттүн элден акча топтоп, тышкы карызды жапмакчы болгону талкууга түштү. Кескин сынга алгандар да, колдоп чыккандар да болууда. Экономист Айылчы Сарыбаев "коррупционерлер жеп койгон акчаны эмне үчүн эл төлөшү керек?" - деп суроо салат. Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов карызды төлөө үчүн элден акча жыйноо абийирге жатпайт дейт. Бул сунушту колдоого алгандар жеке өздөрү эмес, “байлар мамлекет үчүн жардам кылса туура болот”, - деген позициясын билдиришүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2017-жылы "Боинг" кырсыгынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн элден топтолгон акча боюнча өкмөт так маалымат бербегенин, бул жолу деле элден акча топтоо иши ушундай аяктаарын айтат.

Негизи өлкөнүн карызын төлөө үчүн эл биригип акча чогулткан тажрыйба дүйнө элдеринде бар. Мисалы, быйыл Малайзиянын жарандары тышкы карыздан кутулуу үчүн 1 күндө мамлекетке 2 миллион 300 миӊ доллар чогултуп беришти. Кыргыздан айырмасы, бул өлкөдө элдин бийликке ишеними жогору. Ал өлкөдө 1 кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлбөйт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан