Сауд Арабия Катарды аралга айлантуучу Сельва каналынын курулушун баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрдө тендер боюнча арыз кабыл алуу жыйынтыкталат. Долбоорго ылайык, узундугу 60 чакырым, туурасы 200 метр жана тереңдиги 15-20 метрге жеткен канал Катар менен болгон чек арадан 1 чакырым алыстыкта өтүп Сауд Арабиянын аймагына курулуусу каралууда. Каналдын курулушу ийгиликтүү аяктаса, анда аталган өлкө кургактагы жалгыз чек арасынан кол жууйт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 5 компаниядан арыз келип түшкөн. Ал эми жыйынтыгы 90 күндүн ичинде белгилүү болот.
Сауд Арабиянын падышасынын кеңешчиси араб жарандарын долбоордун башталышы менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу куттуктады. Мурдараак ал Катар Сальва аралынын бир бөлүгүнө айланарын жана ал жакта Сауд Арабиясынын аскердик базасы жайгашарын билдирген эле.
Бир нече араб өлкөлөрү 2017-жылдын 5-июнунан бери Катар менен дипломатиялык карым-катнашын үзүп, Доханы терроризмди колдоп жана Иран менен кызматташтык түзүп жатат деп айыпташкан.