Орусияда 14-июнда старт алган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна футбол сүйүүчүлөр планетабыздын ар бир өлкөсүнөн көз салып турган убагы. Бир айга созула турчу бул футбол майрамына алыскы өлкөлөрдөн өз курамасын колдоо үчүн келген күйөрмандардын саны арбын. Футболчулар күйөрмандарды өздөрүнүн голдору менен сүйүндүрүп жатса. Ал эми футбол сүйүүчүлөрү өзүлөрүнүн өзгөчө формалары, бийлери менен кубандырып жаткан учуру.
1. Москва шаарын аралай бассаң бир эле убакта 4 Лионель Мессини көрүү мүмкүн.
2. Египеттик футбол күйөрманы.
3. Ал эми бразилиялык бул "уйлар" эч кимди кайдыгер калтырбаса керек.
4. Бул Дүйнө биринчилигине бразилиялык "уйлар" гана эмес, "динозаврлар" да келишкен.
5. Ири масштабдагы спорттук майрамдан Жек Воробей дагы четте калган эмес.
6. Бул Дүйнө чемпиондугуна өзүнүн түгөйүн табуу максатында келгендер дагы жок эмес.
7. Ал эми орусиялык күйөрман кыздар эң "ысык" күйөрмандар экенин далилдешүүдө.