Түркиялык сүрөтчү Ахмед Доган: "Кыргыз өлкөсү тууралуу сүрөттүү китеп чыгарам"

"Кыргыз өлкөсү тууралуу маалыматтарды, сүрөттөрдү камтыган китептерди чыгаруунун үстүндө иштеп жатам" дейт сүрөтчү Ахмет Доган. Биздин каарманыбыз фотоаппараттын жардамы менен Кыргыз жергесин түрө кыдырып, сүрөткө тартып, алкоого татый турган эмгектерди жасаган.

"Мен IT программист болуп иштейм. Бирок бош убактым болуп калса жаратылышка чыгып сүрөткө тартканды, кээде портрет тартканды жакшы көрөм. Кыргыз жергесине мындан 11 жыл мурда жубайым менен келгем. Кыргыз өлкөсү жаратылышы, абасынын тазалыгы менен жагып калды. Бул жакка келгенден кийин 2 уулдуу болдум. Учурда улуу балам 2-классты аяктады. Жаратылышка чыкканда көбүнчөсү баламды ээрчитип алам. Үй-бүлөм дагы мени менен жаратылыш коюнунда эс алганды жактырат", - дейт ал.

Ахмет Доган сүрөткө тартып гана тим болбостон дүйнөгө белгилүү америкалык "National Geographic" телеканалы менен дагы келишим түзгөн. Алар сүрөтчүнүн айрым эмгектерине баа берип, сүрөттөрдү керектүү учурларда пайдалана турганын билдирген.

"Менин сүрөттөрүмдү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан, мамлекеттик сайттардан көрө аласыздар. Мен алар менен тыгыз иштешип келем. Ошондой эле өткөн жылы америкалык "National Geographic" телеканалы менен келишим түзгөм".

Сүрөтчү алдыдагы пландарынын бири - сүрөт көргөзмө уюштуруу жана Кыргыз жергеси тууралуу маалыматтарды камтыган 2 китепти басып чыгаруу экенин билдирди. Ошондой эле тарткан сүрөттөрүн топтоп сүрөт көргөзмө уюштурууну пландап жатканын кошумчалады.

Ахмет Доган 1984-жылы Түркиянын Токат шаарында төрөлгөн. Бишкекке келгенге чейин Стамбулда, Анкарада жашаган. Бир канча чет өлкөлөргө барып келген. 23 жашында Кыргыз өлкөсүнө келип, ушул жакта иштеп калган. 2017-жылы туризмдин өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Мыкты фотограф" наамын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан