Бишкек-Чым-Коргон унаа жолундагы автокырсыктан 2 адам каза болду

Кечээ түшкү саат 12 чамасында Бишкек-Чым-Коргон унаа жолунда автокырсык болгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаанын 1965-жылы туулган айдоочусу машинасы менен Ниссан Трейл жеңил унаасын сүзүп алган. Жыйынтыгында Ниссан унаасынын айдоочусу жана ичиндеги 1982-жылы туулган жүргүнчүсү С.А. окуя болгон жерден каза болушкан. Каза болгон 25-30 жаштагы азиат түспөлүндөгү айдоочунун өздүгү азырынча тактала элек. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.                                                                                                    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан