25-июнда Кыргызстанда 12 өрт кырсыгы катталды. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте 1, Чүй облусунда 3, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 3, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустарында 1 тилсиз жоо орун алды. Кырсыктын кесепетинен адам өмүрүнө зыян келтирилген учурлар болгон жок.