"Аймактарды өнүктүрүү" жылына карата 7 облустагы жаш манасчылардын башын кошкон 40 күндүк "Манас" айтуу иш-чарасынын жабылыш аземи эртең, 21-июнда Манас айылында өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары "Көйкашка" коомдук фондунан билдиришти.
"40 күндүк "Манас" айтуу иш-чарасынын жабылыш аземинин алкагында республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы өтөт. Жаш манасчылардын таймашы жаңы үйрөнчүктөр жана такшалып калган кунандар арасында өзүнчө жүрөт", - деп билдирди уюштуруучулар.
Иш-чаранын негизги максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш манасчыларга колдоо көрсөтүп, улуттук тилге көңүл бурдуруу экенин уюштуруучулар белгилеп өттү.