ЖКда акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун угуу жылдырылды

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңеште акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун угуу 27-июнга жылдырылды. Жыйындын жүрүшүндө депутат Эркин Алымбеков акыйкатчы ооруканада экендигин билдирди. Депутат Эристина Кочкарова бул маселени карай берүү керектигин айтты. “Акыйкатчы өзү жок болсо деле карай бериш керек. Ал качып жатат”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде депутат Турсунбай Бакир уулу Турсунбек Акун ооруканада жок экендигин билдирди. “Кызыл-Кыяга чалдык, анын кан басымы гана жогорулап кеткен”,- деди эл өкүлү. Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков акыйкатчыга байланыштуу маселени эртең кароого жылдырды. “Эртең, 27-июнда анын жыйынга келишин талап кылабыз. Ооруп жатса, ооруп жатат да”,- деди төрага.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан