Наполеондун соңку кармашта кийген шляпасы 325 миң долларга сатылды
Император Наполеон Бонапарттын өмүрүнүн соңку мезгилиндеги кармашта кийген шляпасы аукционго коюлуп, 325 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, шляпа Франциянын Лион шаарында аукционго коюлган. Ал императордун эң жактырган баш кийими - эки кырлуу шляпа болгон.
Уюштуруучулардын айтымында, императордун акыркы салгылашуусу Ватерлоо аймагында болуп, дал ушул шляпасын кийген. Бул баш кийимди согуш талаасынан армиянын капитаны таап алган. Андан бери шляпа колдон-колго өтүп отуруп 1986-жылы жеке коллекционердин колуна тийген.
Айрым маалыматтар боюнча, Наполеондун 120дан ашуун шляпасы болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын 19у гана сакталып калган.
2014-жылы Монако князынын үй-бүлөсүнө таандык кол башчынын дагы бир баш кийими түштүк кореялык "Harim" тамак-аш холдингинин негиздөөчүсүнө 1 миллион 900 миң долларга сатылган.