Криштиану Роналду Марокко менен болгон беттеште Португалияга жеңиш алып келди

Бүгүн, 20-июнга караган түнү Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "В" тайпасында беттештер орун алат. Анда "Лужники" стадионунда Португалия менен Марокко курама командаларынын беттеши өтөт. Беттештин башкы калысы АКШлык Марк Гейгер болот.

17:50. Португалия курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Руй Патрисиу ("Спортинг" Португалия);
  • Коргоочулар: Пепе ("Бешикташ" Түркия) Седрик Соареш ("Саутгемптон" Англия), Рафаэл Геррейру ("Боруссия" Дортмунд), Жозе Фонте ("Далянь Ифан" Кытай)
  • Жарым коргоочулар: Виллиам Карвалью ("Спортинг", Португалия), Жуан Мариу ("Вест Хэм Юнайтед", Англия), Жоау Моутинью ("Монако");
  • Чабуулчулар: Криштиану Роналду ("Реал Мадрид", Испания), Гонсалу Гедеш ("Валенсия" Испания), Бернарду Силва ("Манчестер Сити" Англия).
  • Башкы машыктыруучу: Фернанду Сантуш (Португалия).

17:52. Марокко курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Мунир Мохамеди ("Нумансия" Испания)
  • Коргоочулар: Мехди Бенатия ("Ювентус" Италия), Мануэл да Кошта ("Истанбул" Түркия), Ашраф Хакими ("Реал Мадрид" Испания), Набиль Дирар ("Фенербахче" Түркия).
  • Жарым коргоочулар: Юнес Бельханда ("Галатасарай" Түркия), Хаким Зиеш ("Аякс" Нидерланд), Нордин Амрабат ("Леганес" Испания), Карим Эль-Ахмади ("Фейеноорд" Нидерланд), Мубарак Буссуфа ("Аль-Жазира" Бириккен Араб Эмираттары),
  • Чабуулчулар: Халид Бутаиб ("Ени Малатьяспор" Түркия)
  • Башкы машыктыруучу: Эрве Ренар (Франция).

17:53. Учурда командалар беттешке даярданып жатышат. Беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталмакчы.

17:55. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Португалиянын гимни, андан соң Марокконун гимни жаңырды.

17:57. Эске салсак, 1-турда Португалия курамасы Испания менен беттешип 3:3 эсебинде тең чыкса, Марокко Иран менен кез келип 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

18:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш башталды. Топту оюнга марокколуктар кошту.

18:01. Марокколуктар алгачкы чабуулун жасаганга үлгүрдү. Бутаиб айып аянтчадан башы менен сокку узаткан. Бирок таамай боло алган жок.

18:03. Г-о-о-о-л! Роналду айырмаланыды. Эсеп 1:0. Криштиану Роналду бурчтан көтөрүлгөн топту дарбазага багыттап Мунир Мохамедиге топту тосууга мүмкүнчүлүк берген жок.

18:07. Марокколуктар контр-чабуулга чыгып жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Бирок коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп топту тартып алууга жетишти.

18:08. Криштиану Роналду 11 метрлик чийин жактан сокку жасады. Бирок португалиялык жылдыз таамай болгон жок.

18:11. Мехди Бенатия бурчтан көтөрүлгон топко алгачкы болуп жетип кооптуу сокку узатканга үлгүрдү. Сокку таамай болгону менен Руи Патрисиу жогорку чеберчилигин көрсөтүп топту тосуп алды. Марокколуктардын чабуулу уланууда.

18:13. Роналдуга каршы эреже бузулду. Калыс аны байкап ышкырыгы менен оюнду токтотту.

18:16. 15 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында топко ээлик кылуу боюнча Марокко 57 пайыз менен алдыда келе жатат.

18:17. Хаким Зиеш контр-чабуулду улантып сокку узаткан, анын соккусун коргоочулар кайтарганга жетишти.

18:20. Халид Бутаиб офсайд абалында болбосо, Патрисиу менен бетме-бет кез келмек.

18:21. Хаким Зиеш алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду. Патрисиу топту кыйынчылыксыз тосуп алды.

18:24. Мехди Бенатия Роналдуга каршы орой оюн көрсөтүүдө. Калыс аны көрүп ышкырыгын жаңыртты.

18:29. Бенатия атаандашына каршы орой ойноп португалиялыктарга айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.

18:31. Айып соккуну Роналду аткарды. Анын соккусу футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип топ кайрадан португалиялыктарга келди.

18:32. Португалиялык футболчулар топту бурчтан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

18:35. 35 мүнөттүн жыйынтыгында эки курама команда тең топко 50 пайыз ээлик кылууда.

18:36. Седрик марокколук оюнчуга карата орой оюн көрсөтүп эрежени бузууда.

18:37. Марокколуктар уламдан улам чабуулдарын курчутуп португалиялыктарды тынчсыздандырууда. Чабуулдары мыкты болгону менен ийгиликсиз болууда.

18:38. Гонсалу Гедеш Роналдунун чыгарып берүүсүнөн кийин дарбазачы менен бетме-бет келген. Гедеш сокку узатып топ менен дарбазачынын колун гана тапты. Португалиялык футболчу жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды.

18:40. Мехди Бенатия Роналдуга каршы орой ойногону үчүн сары айып кагазына туш болду.

18:44. Юнес Бельханда дарыгерлерин жардамына муктаж болууда. Португалиялык футболчу орой оюн көрсөттү.

18:45. 1-таймдын негизги убактысы соңуна жетти. Калыс кошумча 3 мүнөт ойногого убакыт берет.

18:47. Юнес Бельханда бурчтан көтөрүлгөн топко бийик секирип жеткенге үлгүрдү. Башы менен сокку узатканы менен анысы таамай болбой калды.

18:48. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттештин 1-бөлүгү соңуна чыкты.

19:03. 2-тайм башталды. Топту оюнга португалиялыктар кошту. Азырынча эсеп 1:0.

19:04. Роналду Гонсалу Гедешке жакшы мүмкүнчүлүк жаратып берди. Гедеш 3 коргоочунун ортосунда Роналдунун чыгарып берүүсүн кабыл алганга жетишпей калды.

19:08. Роналду Гедештин чыгарып берүүсүнөн соң сокку узатканга үлгүрдү. Бирок анын соккусу таамай болгон жок. Роналду мыкты мүмкүнчүлүктөн колдонгон жок.

19:11. Юнес Бельханда Португалиянын дарбазасына мыкты сокку узатты. Таамай соккуну Руи Патрисиу тосуп алды.

19:13. Кайрадан Юнес Бельханда португалиялыктарды тынчсыздандырууда. Таамай узаткан соккусун кайрадан Патрисиу кайтара алды.

19:16. Фернанду Сантуш курамасында алмаштыруу жасады. Жельсон Мартинс Бернарду Силванын ордуна оюн талаасына чыгат.

19:18. Мехди Бенатия 11 метр аралыктан кубаттуу сокку узатты. Сокку күчтүү, бирок таамай эмес. Эсеп азырынча 1:0.

19:22. Рафаэль Геррейро орой ойноп Амрабатты жыгытты. Калыстын ышкырыгы жаңырганы менен айып кагаз көрсөтүлгөн жок.

19:24. Геррейро кайрадан эреже бузууда. Марокколук футболчулар айып сокку аткарышат.

19:25. Зиеш айып соккуну аткарды. Анын кубаттуу соккусу таамай болгон жок. Топ дарбазадан жогору өтүп кетти.

19:26. Марокко курама командасында алмаштыруу орун алат. Аюб Эль-Кааби талаада Халид Бутаибди алмаштырат.

19:27. Португалиялыктар дагы оюнчуну алмаштырышты. Жуан Мариу оюн талаасынан кетсе Бруно Фернандеш талаа үстүнө чыгат.

19:30 Нордин Амрабат мыкты оюн көрсөтүүдө. топко көп ээлик кылып өнөктөштөрүнө жашкы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө.

19:32 Марокко курамасында оюнчуну алмаштыруу. Юнес Бельханданын ордуна Мехди Карсела-Гонсалес чыкты.

19:35. Португалиялыктар эреже бузуп марокколуктар айып сокку узатат.

19:36. Мехди Бенатия өнүктөшү көтөрүп берген топту дарбазага багыттап кооптуу абал жаратты. Бирок Бенатия таамай боло алган жок.

19:38. Марокколуктар катары менен 2 жолу топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Зиеш бурчтан чыгарууну аткарып, бирок айып аянтчага узатылган топко өнөктөштөрү жеткен жок.

19:39. Набил Дирар алыскы аралыктан сокку узатты. Топ дарбазадан бир аз жогору өтүп кетти.

19:41. Роналдуга каршы эреже бузулууда. Роналду айып аянтчанын чийининен айып соккуну жиберет.

19:43. Марокко курамасында акыркы алмаштыруу орун алды. Фесаль Фажр Карим Эль-Ахмадинин ордуна чыкты.

19:46. Португалия курамасында дагы оюнчуну алмаштыруу орун алды. Жоау Моутинью оюн талаасынан кетип, анын ордуна Адриен Силва оюнга кошулат.

19:47. Зиеш айып аянтчага кирип келип сокку узатты. Анын соккусу Пепеге тийип топ оюн талаасынан чыгып кетти.

19:48. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс дагы 5 мүнөт ойногонго мүмкүнчүлүк берет.

19:50. Эреже бузуп сары айып кагазына Адриен Силва ээ болду.

19:51. Мехди Бенатия жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. Анын айып аянтчанын ичинен узаткан соккусу таамай болгон жок.

19.52. Калыстын ышкырыгы жаңырып Португалия жеңишти камсыздады. Эсеп 1:0. Роналду кайрадан командасын сактады.

Марокко менен болгон оюндагы Роналдунун голу
Португалия менен Марокконун бетешиндеги кызыктуу учурлар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Pchelka85
2018-06-20 17:59:20
Португалия 2:0 менен утат го)))))))
+4
Makkambaev97
2018-06-20 18:16:02
Роналду хет-трик
+6
Makkambaev97
2018-06-20 18:16:11
Португалия чемпион
+7
Meni_unut
2018-06-20 18:17:49
Роналду красавчик.Оюн буткончо дагы хет-рик кутобуз
+8
Romantik.
2018-06-20 18:45:13
Роналду дерзай
+5
Rasul94
2018-06-20 18:53:01
Бул Роналду эмне деген гана керемет оюн коргозуп атат.жаша жаша жаша дегенден башка соз калбады.мындай оюнчу башка жаралабы бир кудай билет
+9
Mydearzh
2018-06-20 19:18:54
Баары реалисттер го (Комментарий калтыргандар)
Мен да алардын катарында)
+4
Meni_unut
2018-06-20 19:56:40
Роналду "капитан"дегенге татыктуу.
+4
Milduri
2018-06-20 20:10:20
Азаматсын Криштиану Рональду эң мыкты оюнчу, кудайым буйруса Португалия чемпион болот. Марроко оюнчулары аябай көп эреже бузуп ойношту, калыстар жакшы карашпады. Марокконун макулуктары Рональдуну 3-4 жолу атайын түртүп тээп койушту. Акырында канча эреже бузушпасын макулуктар жеңилди.
0
Fakt
2018-06-20 20:28:31
Рон кайн журтун жендиби?))
-11
Mirlan27011987
2018-06-20 20:29:34
Молодец!
+5
Akmatov030
2018-06-20 20:49:11
Ранолдо молодец Португалия чемпион
+6
Isco22
2018-06-20 21:05:15
Криш всегда Криш
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан