Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карповдун кубогу өтөт

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу шахмат боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шахмат федерациясынын өкүлү, уюштуруучулардын бири Даниял Абдивалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган турнир 28-июндан 8-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өтөт.

"Ушул жылдын март айында шахмат боюнча президенттин кубогу өткөн. Ага таанымал шахматчы, бир нече жолку дүйнө чемпиону Анатолий Карпов да келип катышып, өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөн. Ошондо жаштар арасында эл аралык Карпов атындагы шахмат турнирин өткөрүү демилгеленген эле.

Ошол иш-чарабыздын уюштуруу иштери башталып Казакстан, Монголия, Орусия, Тажикстан, Кыргыз мамлекети жана Болгариядан жаш шахматчылар катышары күтүлүүдө. Жалпысынан 100дөн ашык бала катышат. Мындай ири иш-чара тарыхыбызда биринчи жолу болуп жатат. Эл аралык турнирди жогорку деңгээлде өткөргөнгө аракет кылып жатабыз", - деди Абдивалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан