Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

25-июнда саат 22:59да күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Шибээ айылынын 18 чакырым түштүк тарабында, Дароот-Коргон айылынын 35 чакырым түштүк-батыш тарабынан орун алды. Жер титирөөнүн күчү Дароот-Коргон жана Кара-Мык айылдарында 3 балл болду. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген учурлар жок. Жер титирөөнүн очогу жайгашкан аймакта 4-4,5 баллга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
PROS
2013-06-26 12:58:52
Кудайга шугур, жабыркагандар жок экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан