Азыркы тапта дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу сөзгө айланып Оксфорд сөздүгүнө кирген сөз кайсы экенин билесизби? Бул сиз күнүмдүк турмушуңузда колдонуп, ишке ашырып жаткан "селфи" сөзү. Бүгүн, 21-июнда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө селфи күнү белгиленүүдө.
Селфи техниканын өнүгүшү менен смартфондордун пайда болушунан улам келген деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Анткени селфинин тарыхы 1524-жылы эле башталган. Алгачкы жолу дал ушул жылы 21 жаштагы Пармиджанино аттуу сүрөтчү жыгачка май боёктору менен өзүнүн күзгүздөгү көрүнүшүн тарткан.
Селфи жөнүндө кызыктуу фактылар:
Селфи жер жүзүн гана эмес, космосту да багынтып жаткан кези. Эң биринчилерден болуп ачык космосто Базз Олдрин 1966-жылы селфи жасаган.
Белгилүү адамдардын жасаган селфилери дайыма талкууланып, элдин көңүл чордонунда.
"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземиндеги Голливуд жылдыздары тарткан селфи.
Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасынын Австралия менен боло турган беттештин алдындагы ошол кездеги президент менен болгон селфи.
Модага айланган сүрөткө түшүүнүн бул ыкмасын саясатчылардын арасынан Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров жакшы өздөштүргөн.
Селфи жасоо максатында имараттардын чатырларына чыгып, жардын кырларына туруп, жадакалса тыюу салынган зоопарктагы жаныбарлардын капасына кире калган адамдар да жок эмес. Өкүндүргөнү ошол селфи үчүн жарык дүйнө менен кош айтышкан адамдардын саны күн санап өсүүдө.
21-июндун жылнаамасы.