Өмүрбек Текебаев: "Президенттин кандай иштегенин депутаттардан артык эч ким билбейт"

Парламенттин 26-июндагы жыйынында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарынын жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда үгүт иштерине катышуусуна жол ачуу максатында иштелип чыккан. Муну колдогон депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев болду.  

"Депутаттын үгүт иштерин жүргүзүүсүнө чек коюлушу туура эмес. Эл өкүлүнүн балыктай болуп унчукпай отура бергени болбойт, ал да өз пикирин айтышы керек. Эгерде муну депутаттын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу деп билсек, анда мыйзамга жазып коёлу "депутат үгүт иштерине кызматтык унаасын минип барбасын. Шайлоо маселелерин тарапташтары менен депутат иш бөлмөсүндө талкуулабасын" деп. Депутат кайсы бир партиянын саясий капиталы, анан шайлоо маалында кантип унчукпай калсын. Мисалы, президентти шайлоо учурунда биз да өз позициябызды айтышыбыз керек. Анткени президенттин кандай иштегенин депутаттардан артык эч ким билбейт. Мындайда үн катпай отуруп алсак, анда биздин эмнебиз депутат да, эмнебиз парламент",- деди Текебаев.  

Айта кетсек, айрым депутаттар ЖКнын депутаттарына үгүт иштерине катышуусуна тыюу салуу керектигин билдиришкен болчу. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан