“Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 27-июнда ЖКнын жыйынында 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Өкмөт тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору жарандар үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу негизде визасыз режим киргизүү өлкөлөрдүн тизмесин Япония менен толуктоо сунуш кылынган. Белгилей кетсек, 2000-жылдын 1-январынан тартып Япония жарандары дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн Кыргызстанга келип-кетүү үчүн бир тараптуу негизде визасыз режим киргизилген.