Аргентина курама командасынын күйөрмандары Мессинин аялын ийгилик алып келчү бут кийимин кийүүсүн өтүнүүдө

Аргентина курама командасынын күйөрмандары Мессинин аялын ийгилик алып келчү бут кийимин кийүүсүн өтүнүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ката Троссейро аттуу күйөрман кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына сүрөттөрдөн коллаж жасаган. Ал сүрөттөр Месси үчүн жеңиштүү болгон 2015-жылдагы Чемпиондор Лигасында жана 2018-жылдагы Ла Лиганын акыркы оюнунда тартылганын көрүүгө болот. Эки сүрөттө тең Мессинин аялы Антонелла Рокуццо бир бут кийим кийип турганын байкоого болот.

Троссейро бул бут кийимдер жеңиш, ийгилик алып келчү бут кийимдер экенин айтып, алдыдагы оюндарга Рокуццо дал ошол бут кийимди кийип келүүсү керек экендигин жазып чыккан. Күйөрмандын бул сунушун 28 миңден ашуун адам колдогон.

Орусияда өтүп жаткан Дүйнө Чемпиондугунда көптөр ар кандай ырым-жырымдарга ишенишет. Мисалга алсак, Португалия улуттук курама командасынын лидери Роналду бир аз өсүп калган сакалын албай турганын, ал ага ийгилик алып келип жатканын билдирген. Ал эми турнирде эң көп гол киргизген Орусия курамасынын күйөрмандары аларга ийгиликти башкы машыктыруучу Станислав Черчесовдун муруттары алып келип жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Rasul94
2018-06-22 08:58:03
Бул жерде бут кийимде куноо жок.мессиге оруссия суук келди мандраж болуп калды. Эми секиндеен карьерасын жыйынтыктай берсе болгудай
0
Joka.94
2018-06-23 21:47:41
Rasul94,Аргентина группадан чыгат коросунор
0
Syimyk.isaev
2018-06-22 09:12:12
Бут кийимди кийсе эле 1/8 ге чыгат бекен? Эми баары кеч Аргентинада шанс жок 99%.
+1
bond02
2018-06-22 09:42:55
Ха ха мурут, сакал койсо чемпион болмокпу Россия.
+1
Adi.Avazbekov
2018-06-22 09:46:01
Kyzyk but kiiim emneni chechmek ele. Ertereek kiiiw kk eleda emi biraaz kech. Birok dale argentinada shans bar
0
bond
2018-06-22 10:22:32
Adi.Avazbekov,Аргентинага шанс жок хорваттар Исландияга утулуп берет алар уже группадан чыкты оюнчуларды аяп слабый состав менен ойношот .
-3
Kosmos2013
2018-06-22 09:46:39
Мунун бааны жоо жомок
+3
Nurbelek.
2018-06-22 09:56:57
Бут самтырак создор, кичине логика деген иштебейт окшойт). Анын Чочконун теерисинен жасалган ХХХ бут кийиминин футболго эмне тийешеси бар? ))
+2
Baktybekov.Bakai00
2018-06-22 10:27:06
Месии аялынын бут кийимин кийип чыксын анда ошондо ойуну журушуп балким 5 гол киргизер
+5
Rasul94
2018-06-22 10:39:28
Эшекке килем жапсан деле эшек
+5
nonem
2018-06-22 13:19:54
ХХХХХХХХ дагы делек ХХХХХХХХ берет.
+1
Akmatov030
2018-06-22 14:38:12
Э кайакатагы нерселерге ишенет берета топ тоголокко
0
omuke8993
2018-06-22 21:34:44
Эми чокойуну башына кийсе деле пайда жок андайларга ишенгендер чон ката кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан