Аргентиналык күйөрмандар курама команданын башкы машыктыруучусун бөтөлкө менен чаап жиберишти

Аргентиналык күйөрмандар курама команданын башкы машыктыруучусун бөтөлкө менен чабышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 22-июнга караган түнү орун алган Хорватия-Аргентина беттешинде аргентиналык күйөрмандар команданын башкы машыктыруучусун желим бөтөлкө менен чаап жиберишкен. Хорватия курама командасы өзүнүн 3 голун киргизген учурда аргентиналык күйөрмандар тарабынан Хорке Сампаоли тарапка ичинде суусу бар желим бөтөлкө ыргытылган.

Оюндан соң орун алган маалымат жыйынында Сампаоли жоопкерчиликти өз моюнуна аларын, бирок футболчулар өзүн толук түрдө оюнда ачып бере албагандыктарын билдирген.

"Мен Кабальерону дарбазага койгом, демек, бул жеңилүү үчүн жоопкерчиликти өз моюнума алам. Башка тактика ойлоп тапканымда оюн башкача жүрмөк. Эмне себептен Мессинин оюну жүрүшпөй жатат? Ал жалпы курама команданын жетишсиздигинен жабыр тартууда", - деген машыктыруучу.

Ошондой эле Дүйнө чемпиондугунда калуу үчүн команда болгон күчүн жумшай тургандыгын билдирип өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
almanbetperm
2018-06-22 09:37:18
Ха ха ха ха
-9
bond02
2018-06-22 09:40:47
Эми болоору болду, балта менен чапсан деле толк жок.
+20
Nurbelek.
2018-06-22 09:53:00
Шише бутолко менен чабыш керек болчу.
-11
Rasul94
2018-06-22 13:02:03
Nurbelek.,такыр баш эле озу дагы
+1
Rasul94
2018-06-22 10:37:05
Тренерди эмес оюнчуларын сабаш керек болчу
+7
Omurbek998
2018-06-22 10:45:37
Дагы мессини ..... жалайтко
-4
dosym
2018-06-22 11:05:25
Айдаш керек жумуштан
+1
seni.gana
2018-06-22 11:49:46
Исландия мн ойногондо месси пеналтини киргизиш керек еле
+3
Akmatov030
2018-06-22 12:20:23
Тренерде не айып
+5
nonem
2018-06-22 13:22:33
Мессини чабыш керек
+5
nonem
2018-06-22 13:24:33
Ким ким экенин коргозуп койду Месси ХХХХХХ алды А Ранолду озун коргозуп атат Ранолду номер 1
+9
Basko94
2018-06-22 15:37:22
Баары бир Месси лучший, командада баары Мессидей ойногондо башкача болмок
-2
Arlenchik
2018-06-22 21:04:29
Машыктыруучуда эмне айып, тиги жака туруп алып нерв болуп нары бери тынымсыз басып жакшыле куйуп бышып атты, Месси жакшы оюн корсото алган жок.
+2
beko-S
2018-06-23 20:35:46
Arlenchik, коп нерсе тренерге барып такалат ошол корсоткондой ойношот да ойунчулар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан