Асылбек Жээнбеков: "Кумтөр" маселеси сентябрь айында каралат"

Бүгүн, 26-июнда депутаттар Максат Сабиров жана Садыр Жапаров “Кумтөр” маселесин депутаттар эс алууга тарагыча кароо сунушун айтышты. "Ысык-Көл" облусунун тургундары бул маселени каникулга тарагыча карап берүүбүздү суранып жатышат",-  деди Жапаров. Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” маселеси сентябрь айында караларын билдирди. Айтымында, мындай чечимди депутаттар кабыл алган. “Өзүбүздүн чечимди сыйлайлы”,- деди төрага. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан