
Маалыматка ылайык, чет элдик туристтер темир жол кызматкерлерине алардын билетиндеги көрсөтүлгөн поезддерди таппай жатканын айтып кайрылышкан. Кытайдан келген футбол күйөрмандары Волгограддын ордуна Вологдадан билет алып алышкан.
"Кытайлык туристтер кайрылып жардам сурашкан. Темир жол кызматкерлери алардын маселесин чечип, билеттерин алмаштырып туура жолго салышкан", - деп билдирген транспорт министри Евгений Дитрих.
Белгилей кетсек, мындай адашуулар Дүйнө Чемпиондугунда көп орун алууда буга чейин швейцариялык күйөрмандар Ростов-на-Дону шаарындагы мейманканадан орун алгандын ордуна, Ярослав облусундагы Улуу Ростов шаарындагы мейманканадан алдын ала орун алып коюшкан.