Араван районунда сууга чөгүп кеткен жарандын денеси табылды

Бүгүн, 26-июнь күнү саат 07:30 чамасында Ош облусунун Араван районундагы Нур-Абад айылында сууга чөгүп кеткен жарандын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Эске салсак, 22-июнда саат 17:30 чамасында аталган айылдын тургуну 1992-жылы туулган Өткүрбек Халматов Түштүк-Фергана суусуна чөгүп кеткен. 25-июнь күнү ӨКМнын Куткаруу кызматынын 8 куткаруучусу издөө иштерине тартылып, жыйынтык чыкпай келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almagul_aravan
2013-06-26 15:38:16
Ошондуктан этият болуш керек! Байкуш ата - энесине Алла сабыр берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан