Германиянын Дортмунд техникалык университетинин окумуштуулары атайын компьютердик жабдыктын жардамы менен футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгына божомол жүргүзүп көрүштү. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, атайын жабдык чемпионду тандоодо чемпионатка катышкан мамлекеттердин калкынын санын, ФИФА рейтингиндеги ордун, буга чейинки чемпионаттардагы жыйынтыктарын, ар бир команданын өзгөчөлүктөрүн эске алат.
Алгач жабдык Испанияны чемпион атаган. Бирок 100 миң жолу текшерип көрүшкөндөн кийин эң көп жолу Германияны тандаган. Компьютерге ишенсек, Германия чемпион болуш үчүн алгач жарым финалда утушу керек.
Ал эми талаа ээси болгон Орусиянын чейрек финалга чыгуусу да күмөн. Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу ушул жылдын 14-июнунда башталган, 15-июлда жыйынтыкталат. Учурда тайпалык баскычтагы оюндардын 2-туру жүрүп жатат.