Грецияда лазердик таякча окуучунун көзүн күйгүзүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Грецияда 10 жаштагы бала лазердик таякчанын жашыл нурун көзүнө бир нече жолу багыттап койгондон кийин сол көзүнүн нерв клеткаларын жабыркатып алган. Дарыгерлердин айтымында, мындай учурда операциянын кереги жок, анткени көздүн чел кабыгындагы нерв клеткаларын кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
Көздүн нерв клеткалары лазердик нурдан күйүп кеткен. Жыйынтыгында 10 жаштагы баланын сол көзү көрбөй калган.