Бүгүн, 22-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-туру уланат. Анда "Санкт-Петербург" стадионунда "Е" тайпасынын алкагындагы Бразилия-Коста-Рика беттеши орун алат. Аталган беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат. Беттештин башкы калысы голландиялык Бьорн Кейперс болот.
17:30. Бразилия курама командасынын тизмеси:
17:35. Коста-Рика курама командасынын тизмеси:
17:40. Бул беттеште Бразилия курама командасынан Данило жаракатынан улам катышпайт. Ал эми Коста-Рика курамасында жаракат алган оюнчулар жок.
17:52. Командалар оюн талаасына чыгууда.
17:53. Алгач Бразилиянын гимни жаңырып, андан соң Коста-Риканын гимни ойнотулат.
17:56. Мамлекеттик гимндер жаңырган соң, атаандаштар бири-бири менен учурашты, беттешти баштоого даяр.
17:58. Топту коста-рикалыктар оюнга кошушат.
18:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.
18:01. Алгачкы мүнөттөрдөн бразилиялыктар топко ээ болуп, чабуулду жасоого аракет көрүп жатышат.
18:02. Филиппе Коутиньо айып аянтчанын сыртынан кубаттуу сокку узатты. Бирок таамай болбой топ дарбазадан бир аз жогору өтүп кетти.
18:03. Уренья контр-чабуулдан 2 коргоочуга жалгыз туш келди. Бразилиялыктар кыйынчылыксыз топту тосуп алышты.
18:04. Руис айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок анын чыгарып берүүсүн коргоочу кайтара алды.
18:05. Кристиан Гамбоа алыстан сокку узатты. Анын соккусу таамай болбой калды.
18:06. Бразилиялыктар талаанын орто бөлүгүндө топко ээ болуп чабуулду улантууда.
18:07. Коста-Рикалыктар Виллианды айып аянтчанын жанынан жыгытты, эми бразилиялыктар айып сокку аткарат.
18:08. Неймар айып соккуну аткарды. Анын айып аянтчага көтөрүлгөн тобуна өнөктөштөрү жетишкен жок.
18:09 Неймар айып аянтчага мыкты чыгарып берүү аткарганга жетишпей калды. Коргоочулар ага каршы мыкты ойноп топту тартып алышты.
18:10. Каземиро жаракат алды көрүнөт. Ал дарыгерлердин жардамына муктаж.
18:11. Неймар атаандашын жыгытып, Бьорн Кейперстин ышкырыгы жаңырды.
18:12. Сельсо Борхес Гамбоанын мыкты чыгарып берүүсүнөн кийин сокку узаткан. Бирок сокку таамай болгон жок.
18:14. Гусман Неймарга каршы орой оюн көрсөтүп эреже бузду.
18:15. Бразилиялыктар топко көбүрөөк ээлик кылганы менен Коста-Риканын контр-чабуулдары көбүрөөк кооптуу болууда.
18:16. Давид Гусман кайрадан эреже бузду. Бразилиялыктар айып сокку аткарат.
18:17. Кайрадан коста-рикалыктар Неймарга каршы эреже бузууда. Кооптуу айып сокку аткарышат бразилиялыктар.
18:18. Неймардын айып аянтчага көтөргөн чыгарып берүүсүнө алгачкылардан болуп Навас жетти.
18:19. Бразилиялыктардын чабуулу ийгиликсиз болууда. Кейлор Навас топту тосуп алды.
18:20. Фелипе Коутиньо өнөктөшүнө жакшы чыгарып берүүгө аракет кылган, бирок анын аракети ишке ашкан жок.
18:21. Кайрадан Коста-Риканын футболчулары эреже бузууда. Жезус талаа үстүндө жатат.
18:22. Тьяго Силванын жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу. Айып аянтчанын ичинен башы менен соккусу таамай болбой калды.
18:23. Неймар сол канаттан айып аянтчага чыгаруу жасады, бирок бул жерде коста-рикалыктарга эч кандай коркунуч жок.
18:25. Жезус гол киргизди, бирок ал офсайд абалында болчу.
18:26. Неймар жакшы мүмкүнчүлүктөн колдоно алган жок. Дарбазачы менен бетме-бет кез келип, сокку узатканга жетишпей калды.
18:27. Габриэл Жезус атаандашынын айып аянтчасынан эреже бузду.
18:28. Айып аянтчанын ичинен Марсело кубаттуу соккусу узатты, бирок таамай болбой калды.
18:29. Фелипе Коутиньо алыскы аралыктан сокку узаткан. Бирок кайрадан таамай эмес.
18:30. Неймар айып аянтчадан өнөктөштөрүнө чыгарып берүү аткарган, бирок топту коргоочулар кайтарып кетти.
18:31. Габриэл Жезус офсайд абалына туш болду.
18:32. Виллиан айып аянтчанын сыртынан сокку узатты. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
18:33. Жарым саатын ичинде бразилиялыктар топко 68 пайыз ээлик кылды.
18:34. Марселонун айып аянтчага көтөргөн чыгарып берүүсүнө өнөктөштөрү жетпей калды.
18:36. Коста-Риканын контр-чабуулу соңуна жетпей калды.
18:37. Виллиан айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок коргоочу топту талаадан сырткары чыгарды.
18:38. Коста-Рика тез контр-чабуулга чыккан, бирок Уренья офсайд абалына туш болуп, чабуул токтоду.
18:40. Марсело алыскы аралыктан дарбазанын жакынкы бурчунан сокку узатты, сокку таамай болгону менен Кейлор Навас мыкты ойноп топту тосуп алды.
18:41. Фагнер айып аянтчага жакшы чыгарып берүү аткарды, бирок өнөктөштөрү жетишпей калды.
18:43. Неймар дарбазачы менен бетме-бет келди, бирок ал офсайд абалында болгонун калыстар байкап калган.
18:44. Беттештин 1-таймы аягына жетип калды. 45 мүнөттүн ичинде Бразилия топко 67 пайыз ээ болсо, Коста-Рика 33 пайызга ээ.
18:45. Башкы калыс 1-таймга 1 мүнөт кошуп берди.
18:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар тыныгууга 0:0 эсебинде кетишти.
19:02. Беттештин 2-бөлүгү башталды.
19:03. Тыныгуудан кийин Бразилиялыктар оюнчу алмаштырды. Виллиандын ордуна Дуглас Коста оюнга кошулду.
19:04. Жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу, бирок ал Наваска каршы эреже бузду.
19:05. Бразилиялыктар 2 жолу эсеп санын ачканга мүмкүнчүлүк алганы менен колдоно алган жок. Жезустун башы менен узаткан соккусу дарбазанын таякчасына тийип топ Коутинього келди. Коутиньонун кубаттуу соккусун коргоочу кайтара алган жок.
19:06. Каземиро айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок топто алгач коргоочулар болду.
19:07. Дуглас Коста топту бурчтан чыгарып, айып аянтчадан өнүктөштөрүн тапкан жок.
19:08. Марсело айып аянтчага топту таамай чыгарып бере албай калды.
19:09. Коста-Рика курамасында алмаштыруу. Кристиан Боланьос Маркос Уреньяны алмаштырды.
19:10. Бразилиялыктар топко ээлик кылып, уламдан улам чабуулдарын курчутууда. Азырынча аракети ийгиликсиз болууда.
19:11. Неймар жакшы мүмкүнчүлүктөн колдоно албай калды. 5 метр аралыктан узаткан соккусун Навас кайтара алды. Паулиньо мыкты чыгарып берүү аткарган.
19:12. Фелипе Коутиньо алыскы аралыктан сокку узатты, анын соккусун Навас тосуп алды.
19:13. Кристиан Боланьос каршы чабуулдан кооптуу абал жаратканга аракет кылган, бирок анын чыгарып берүүсүн коргоочулар кайтарды.
19:16. Габриэл Жезус айып аянтчанын ичине кирип келип сокку узатты. Анын соккусун коргоочулар кайтарганга жетишти.
19:17. Миранда атаандашына каршы оюн эрежесин бузууда. Калыс аны байкап оюнду токтотту.
19:19. Неймар айып аянтчанын сыртынан таамай сокку узатты. Навас топту 2 аракет жасап гана тосуп алганга аргасыз болду.
19:20. Паулиньо айып аянтчанын ичинде Неймардын чыгарып берүүсүнө жетишпей калды.
19:23. Бразилия курамасында кезектеги оюнчу алмаштыруу. Паулиньонун ордуна Роберто Фермино чыкты.
19:24. Бразилиялыктар чабуулу менен коста-рикалыктарды тынчсыздандырууда. Неймар дарбазачы менен бетме-бет кез келип сокку узатканга жетишпей калды.
19:25. Каземиро бурчтан көтөрүлгөн топту дарбазага багыттап сокку узатты. Сокку таамай болду, бирок Навас өз ордунда.
19:27. Коста-Рика курамасы чабуулга чыгып, бирок ийгиликтүү боло алган жок.
19:28. Неймар алыскы аралыктан мыкты сокку аткарды. Топ дарбазанын жанынан гана өтүп кетти.
19:29. Давид Гусман талаа үстүндө жатат. Жаракат алгандай көрүнөт.
19:30. Коста-Рика курамасында оюнчу алмашты. Кристиан Гамбоанын ордуна Франсиско Кальво чыкты
19:31. Неймар айып аянтчадан сокку узатып таамай боло алган жок. Анын соккусун коргоочулар тосуп алды.
19:33. Коргоочулар айып аянтчанын ичинде Неймарга каршы эреже бузушту. Калыс Бразилияга пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берет.
19:34. Калыс видео-кайталоо системин колдонуп пенальтини жокко чыгарды. Ал Неймардын симуляция жасаганын байкады.
19:36. Башкы калыс 1 учурда 2 бразилиялык оюнчуга сары айып кагазын берди. Неймар менен Коутиньо сары кагаз менен белгиленди.
19:38. Коста-Рикада кезектеги алмашуу. Давид Гусманды оюн талаасында Ельцин Техеда алмаштырат.
19:39. Жонни Акоста сары айып кагазы менен белгиленди.
19:40. Коутиньо алыскы аралыктан сокку узатты, топту Навас кыйынчылыксыз тосуп алды.
19:41. Коста-Рикалыктар Неймарга каршы эреже бузууда.
19:45. Беттештин негизги убактысы аягына жетип, калыс 6 мүнөт убакыт кошуп берди.
19:46. Г-о-о-о-о-л! Коутиньо эсепти ачты. Габриэл Жезустун чыгарып берүүсүнөн кийин Коутиньонун узаткан соккусу таамай болду. Навас топту тосуп алууга үлгүрбөй калды.
19:48. Бразилияда алмаштыруу. Фернандиньо Габриэл Жезустун ордуна чыкты.
19:50. Роберто Фирмино айып аянтчанын ичинен сокку узатты. Анын соккусу дарбазадан бир топ жогору өттү.
19:52. Г-о-о-о-л! Беттештин акыркы мүнөтүндө Неймар эсепти 2:0 кылды. Неймар менен Коста бирге чабуулга чыгып, Костанын айып аянтчадан Неймарга чыгарып берүү жасады. Неймар Наваска тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.
19:54. Беттеш жыйынтыкталды. Муну менен Бразилия 2 беттеште 4 упай топтоду. Ал эми Коста-Рика курамасы 0 упай менен калды.