23-июнга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-туру уланат. Анда "Калининград" стадионунда "Е" тайпасынын алкагындагы Сербия-Швейцария беттеши орун алат. Аталган беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алмакчы. Беттештин башкы калысы Феликс Брих (Германия) болот.
23:50. Сербия курамасынын тизмеси:
23:53. Швейцария курамасынын тизмеси:
23:54. Командалар оюн талаасына чыгышты. Алгач Сербиянын гимни, андан соң Швейцариянын гимни жаңырат.
23:57. Мамлекеттик гимндер жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
23:58. Топту оюнга алгач Швейцария курамасы кошот.
00:00. Феликс Брих беттешке старт берди.
00:01. Швейцариялыктар алгачкылардан болуп оюн эрежесин бузушту. Сербиялыктар айып сокку аткарат.
00:02. Швейцариялыктар Митровичти айып аянтчадан жыгытышты, бирок калыс бул жерден эреже бузууну байкаган жок.
00:03. Гранит Жака алыстан сокку узатты. Бирок таамай боло алган жок. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
00:04. Александар Митрович мыкты мүмкүнчүлүктөн колдоно албай калды. Анын узаткан соккусун дарбазачы тосуп алганга жетишти.
00:05. Г-о-о-о-о-л! Митрович эсеп санын ачты. Оң канаттан көтөрүлгөн топту Митрович башы менен дарбазага багыттап Зоммерге тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.
00:06. Швейцариялыктар орто бөлүктөн топту оюнга кошуп дароо чабуулга чыгышты.
00:07. Шакири оң канаттан айып аянтчага топту көтөрүп берүү аракетин көрдү, бирок анын чыгарып берүүсүн коргоочу тосуп койду. Шакири оюнга топту бурчтан кошот.
00:08. Жердан Шакири топту жакынкы өнөктөшү менен пасташып алыскы аралыктан сокку узатты. Бирок анын соккусу өнөктөшүнө тийип оюн талаасынан чыгып кетти.
00:09 Блерим Жемаили айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишти. Анын соккусу таамай болбой дарбазадан бир топ алыс өтүп кетти.
00:10. Сербиялыктардын чабуулдагы аракети ийгиликтүү болбой калды. Коргоочулар топту тартып алууга жетишти.
00:11. Сеферович дарбазачы менен бетме-бет келгенге үлгүрдү, бирок дарбазачы топту анын алдынан тартып алды.
00:12. Митрович чабуулдан эреже бузду. Брих чабуулду токтотту, топ швейцариялыктарда.
00:13. Бранислав Иванович оң канаттан Митровичке таамай чыгарып берүү аткарды. Митрович башы менен топту дарбазага багыттап таамай боло албай калды.
00:14. Митрович кайрадан чабуулда. Айып аянтчасына топту тосуп алганы менен коргоочуларды алдап өтө алган жок.
00:15. Филип Костич алыскы аралыктан сокку узатты, бирок таамай болгон жок.
00:16. Сербия кайрадан чабуулда. Сергей Милинкович-Савичтин соккусу таамай болбой калды. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
00:17. Рикардо Родригес оюн эрежесин бузууда. Калыс аны байкап чабуулду токтотту.
00:18. Иванович айып аянтчага чыгарып берүү жасады, аны Митрович кабыл алып кооз сокку аткарган. Бирок топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
00:19. Александр Коларов айып аянтчага мыкты чыгарып берүү жасады. Бул топко коргоочулар алгачкы болуп жетти.
00:20. Сербиялыктар кооптуу чабуулга чыкканы менен азырынча ийгиликсиз болууда.
00:21. Статистикага көңүл бурсак, Швейцария курамасы топко 65 пайыз ээлик кылууда.
00:22. Шакири айып аянтчанын сыртынан кубаттуу сокку узатты. Бирок топ коргоочуга тийип калды.
00:23. Швейцария топту орто бөлүктө кармап чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
00:24. Родригес сол канатка чыгарылган топко жетишпей калды. Коргоочу топту талаадан сырткары чыгарды.
00:25. Мануэль Аканжи 11 метрлик чийинден сокку узатып таамай боло алган жок.
00:26. Гранит Жакага каршы эреже бузулду. Брих аны байкап ышкырыгын жаңыртты.
00:27. Лука Миливоевич жаракат алып, медициналык жардамга муктаж.
00:28. Миливоевич оюнду улантууга даяр.
00:29. Стойкович дарбазачы менен бетме-бет кез келип эсепти өзгөртө алган жок. Стойкович Жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды.
00:30. Аканжи бурчтан көтөрүлгөн топту дарбазага багыттап, бирок таамай боло албай калды.
00:31. Учурда швейцариялыктар топко ээлик кылып чабуулду курчутууга аракет көрүүдө.
00:32. Жемайли айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып, сокку узаткандын ордуна өнүктөшүнө пас берип койду. Жакшы мүмкүнчүлүк болчу.
00:33. Сергей Милинкович-Савич эреже бузуп сары айып кагазына туш болду.
00:34. Швейцариялыктар уламдан улам чабуулга чыгып ийгиликтүү боло албай жатышат.
00:35. Шер оюн эрежесин бузууда, сербиялыктар айып сокку аткарат.
00:36. Коларовдун чыгарып берүүсү ийгиликтүү болгон жок. Коргоочулар топту айып аянтчадан сырткары чыгарган.
00:37. Тадич топту кабыл алып сокку узатты. Кубаттуу болбой калган соккуну Зоммер кыйынчылыксыз тосуп алды.
00:38. Шакири айып аянтчага кирүү аракетин көргөн, аны коргоочулар токтотту.
00:39. Лука Миливоевич атаандашын кулатып сары айып кагазы менен белгиленди.
00:40. Жака айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишпей калды.
00:41. Тадич 2 коргоочуну алдап айып аянтчага чыгарып берүү жасаган. Бирок анын чыгарып берүүсүнө өнөктөштөрү жетпей калды.
00:42. Сербиялыктар кайрадан чабуулда. Тадичтин чыгарып берүүсүн коргоочулар талаадан сырткары чыгарды. Сербиялыктар бурчтан чыгаруу аткарат.
00:43. Тадичтин бурчтан чыгаруусун Миливоевич ийгиликтүү жыйынтыктай алган жок.
00:44. 44 мүнөттүк беттештин жүрүшүндө топко ээлик кылуу боюнча Швейцария 69 пайызга ээ болду.
00:45. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 2 мүнөт кошуп берди.
00:46. Айып аянтчанын сыртынан Митрович Тадичке чыгарып берүү жасады. Тадич дароо сокку узатып, анын кубаттуу соккусу дарбазадан бир аз жогору өтүп кетти.
00:47. Неманья Матич эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
00:48. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм соңуна жетти.
01:03. Феликс Брих 2-таймга старт берди.
01:04. Тыныгуудан кийин Швейцария курамасында оюнчу алмаштыруу орун алды. Марио Гавранович Харис Сеферовичтин ордуна чыкты.
01:05. Стивен Цубер жакшы мүмкүнчүлүккө туш болгон, бирок ал офсайд абалында болчу.
01:06. Рикардо Родригестин айып аянтчага чыгарып берүү аракети ийгиликсиз болду. Топко эч ким жеткен жок.
01:07. Митрович айып аянтчага кирип сокку узатканга жетишпей калды. Коргоочулар топту талаадан сырткары чыгарып салышты.
01:08. Тадичтин бурчтан чыгарып берүүсүн Костич дарбазага багыттап таамай болгон жок.
01:09. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Гранит Жака алыскы аралыктан сокку узатып эсепти өзгөрттү, Владимир Стойкович тосуп алууга жетишкен жок.
01:10. Гол өткөргөн соң сербиялык футболчулар дароо тез чабуулга чыгышты. Азырынча ийгиликсиз.
01:11. Соккулар боюнча статистикада эсеп 12:11 сербиялыктар алдыда.
01:12. Швейцариялыктар эреже бузуп, сербиялыктар айып сокку аткарат.
01:13. Митрович айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатып таамай боло албай калды.
01:14. Шакири оң канаттан атаандаштарын алдап өтүп мыкты сокку аткарды. Шакири ченелүү сантиметрлерге гана таамай болбой калды.
01:15. Швейцариялыктар эреже бузду, топту оюнга сербиялыктар кошот.
01:16. Сербиялыктар чабуулда Шакириге карата эреже бузушту. Топ швейцариялыктарда.
01:17. Эреже бузуу боюнча статистикада эсеп 8:8.
01:18. Командалар топту орто бөлүктө талашууда. Азырынча көбүрөөк швейцариялыктар чабуул жасоодо.
01:19. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада швейцариялыктар 62 пайызга ээ болсо, сербиялыктар 38 пайызга ээ.
01:20. Сербиялыктардын тез чабуулга чыгуу аракети ийгиликсиз болуп калды. Костич топту алдырып жиберди.
01:21. Сербия курамасында алмаштыруу. Филип Костичтин ордуна Адем Льяич чыкты.
01:22. Талаанын орто бөлүгүндө Ивановичке каршы эреже бузулду. Топ сербиялыктарда.
01:23. Калыс Митровичти 2 оюнчуга каршы эреже бузду деген чечимин кабыл алды. Митрович ал менен макул болгон жок.
01:24. Сербиялыктар топту кармап позициялык чабуулга чыгууда.
01:25. Коларовдун айып аянтчага чыгарган тобуна Митрович жетишпей калды. Жакшы мүмкүнчүлүк болчу.
01:26. Сеферович офсайд абалында болду.
01:27. Сербиялыктар кайрадан топко ээ. Алар топту талаанын өзүнүн бөлүгүндө кармап жаткан кези.
01:28. Кезектеги алмашуу. Швейцария курамасында Блерим Жемайлинин ордуна Бреел Эмболо чыкты.
01:29. Соккулар боюнча статистикада эсеп 12:12.
01:30. Марио Гавранович мыкты мүмкүнчүлүккө ээ болчу. Бирок ал офсайд абалында болуп калды.
01:31. Митрович кайрадан айып аянтчанын ичинен жыгылды. Бирок калыс эреже бузууну байкаган жок.
01:32. Валон Бехрами оюн эрежесин бузууда, топ сербиялыктарда.
01:33. Шакири контр-чабуулга чыгып коргоочуларды алдап өтө алган жок.
01:34. Тадичке каршы оюн эрежеси бузулду. Сербиялыктар айып сокку аткарат.
01:35. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада 63 пайыз менен Швейцария курамасы алдыда.
01:36. Швейцариялыктар чабуулга чыгып, ийгиликтүү жыйынтыктоого үлгүргөн жок. Топ сербиялыктарда.
01:37. Оюнчу алмашты. Неманья Радонич Лука Миливоевичтин ордуна чыкты.
01:38. Жака 40 метр аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок.
01:39. Иванович каршылашы менен топ талашып өз дарбазасына гол киргизип ала жаздады. Швейцариялыктар топту бурчтан чыгарат.
01:40. Эмболо дарбазачы менен бетме-бет кез келип эсепти өзгөртө алган жок. Владимир Стойкович жогорку чеберчилигин көрсөттү.
01:41. Швейцариялык футболчуга каршы эреже бузулду. Кооптуу абал орун алууда.
01:42. Айып соккуну Родригес аткарып, топ футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип калды.
01:43. Сербиялык коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп атаандашынын чабуулун токтотуп, командасын контр-чабуулга чыгарды.
01:44. Александр Митрович сары айып кагазы менен белгиленди.
01:45. Бранислав Иванович атаандашынын чабуулун токтотуп, топту талаадан сыртка чыгарды. Швейцариялыктар топту оюнга бурчтан кошот.
01:46. Коларов чабуулдан эреже бузууда. Калыс оюнду токтотту.
01:47. Г-о-о-о-о-л! Жердан Шакиринин аракети ийгиликтүү болду. Талаанын орто бөлүгүнөн ылдамдык менен айып аянтчага кирип келип сокку узатты. Анын соккусун дарбазачы тосуп алууга жетишпей калды.
01:48. Беттештин негизги убактысы аяктап, калыс 4 мүнөт кошуп берди.
01:49. Жердан Шакириге голду майрамдап жатып футболкасын чечкени үчүн сары айып кагазы берилди.
01:50. Оюнчу алмаштыруу орун алды. Стивен Цубердин ордуна Йосип Дрмич чыкты.
01:51. Статистикага көңүл бурсак, сербиялыктар 4 айып кагаз алса, швейцариялыктар 1 айып кагазга гана туш болду.
01:52. Сербиянын акыркы чабуулу ийгиликсиз болду.
01:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады. Швейцария курамасы оор беттеште 2:1 эсебинде жеңишти камсыздай алды.
01:54. Бул жеңиш менен Швейцария курама командасы 4 упайга ээ болуп "Е" тайпасында Бразилияны кууп жетти. Ал эми Сербия курамасы 3 упай менен 3-орунда жайгашты.