Эртең Түркияда шайлоо. Режеп Тайып Эрдоган жеңишке жетпей калышы мүмкүн

Түркияда эртең, 24-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт. Аталган эки мамлекеттик иш-чараны мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечимин президент Режеп Тайып Эрдоган апрель айында кабыл алган.

Алгач президенттик жана парламенттик шайлоо 2019-жылдын ноябрь айына белгиленген болчу.

2017-жылдагы референдумда Түркиянын Конституциясына бир нече өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, парламенттеги депутаттардын саны 550дөн 600гө көбөйгөн. Ошондой эле президент бир учурда өлкө башчысы жана өкмөт башчысы катары иштөөгө укук алган.

Учурда президенттикке талапкер катары Эрдогандан сырткары 5 жаран расмий катталган. Алардын арасынан Эрдоганга Мухаррем Инже жана Селахаттин Демирташ негизги атаандаш катары бааланууда. Эксперттер акыркы учурларда Эрдогандын рейтинги түшүп, Инже шайлоочулардын колдоосуна татый баштаганын айтышууда. Айрым саясий талдоочулар "Эрдоган жеңишке жетпей калышы мүмкүн" деген пикирди карманууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Salaf
2018-06-23 15:35:27
Эрдоган өтөтко, анын эчкандай рейтинги түшө элек.
+1
Jelezo
2018-06-23 15:37:39
Эрдоган бийликти бүт өз колуна алды эми демократиянын жыты да жыттанбай калат
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-06-23 16:30:39
Бизде да мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо ушул жылы эле болсо жакшы болот эле.
+8
Mamiev
2018-06-23 16:54:26
Azatbek.Svoboda.,Оозуна май айтканын келсин тууган)Мен дагы ошону каалайт элем.Себебин айта берсек банга кирип чыкпай калабыз
+3
Rifle_I
2018-06-24 12:08:10
Azatbek.Svoboda.,бюджеттин акчасын толук чачып салышат дагы бир шайлоо болсо.
Дагы күтө туралы .
0
Chungyz
2018-06-23 20:03:44
Эрдоган али бери кетпейт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан