Теги алжирлик болгон атактуу француз футболчусу, 3 жолку Дүйнөнүн мыкты оюнчусу (1998, 2000, 2003) Зинедин Зидан Франциянын Марсель шаарында туулган.
Клубдук карьерасын “Канн”, “Бордо”, "Ювентус", "Реал Мадрид" клубдарында өткөрүп, Европадагы бир катар ири мелдештерде жеңишке жетишкен. Франциянын улуттук курамасында лидер катары 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун утуп калган.
2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинин финалында Италиянын коргоочусу Марко Матераццини башы менен сүзүп, калыс тарабынан оюндан чыгарылган. Бул беттеш анын профессионалдык карьерасындагы акыркы беттеши болуп, футболчу чоң футбол менен коштошкон. Түрдүү басылмалар аны футбол тарыхындагы мыкты футболчулардын алдыңкы сабына жайгаштырып келишет.
Жубайы Вероника Фернандес менен 1989-жылы таанышып, 1994-жылы баш кошушкан. 1995-1998-2002-2005-жылдары 4 уулдуу болушат. Балдарынын баары Зиданды тартып, футболчулукту тандашкан.
Зидан профессионал футболдон кеткенден кийин кайрымдуулук иштерге басым жасаган. Ал кайрымдуулукка багытталган балдар арасындагы футбол мелдештерин уюштуруп келет. Андан сырткары Алжирдеги балдар ооруканасынын курулушуна да демөөрчүлүк кылган.
2016-жылы январь айынан тарта Зидан өзү ойноп кеткен "Реал Мадрид" клубунда башкы машыктыруучу болуп иштей баштайт. Алгачкы беттешти "Департивого" каршы өткөрүп, 5:0 эсебинде ири жеңишке жетишет. Ошол эле жылы Чемпиондор Лигасында жеңишке жетет. 2017-жылы да бир нече ийгиликтүү оюндарды өткөрөт. 2018-жылы май айында 3-ирет катарынан Чемпиондор Лигасында клубду жеңишке жеткирет.
Ал эми ушул жылдын 31-майында "Реалдын" башкы машыктыруучулугунан кетип жатканын жарыялады. Спорт серепчилери Зидан эс алуудан кийин кайрадан "Реалга" кайтып келет деген пикирде. Ал эми айрымдар анын ишмердүүлүгүн француз курамасында уланат деп жатышат. Кээ бир маалымат булактарында, Зиданга Катар өлкөсүнүн курамасын машыктыруу сунушталып жатканы айтылууда. Учурда Зидан кайсы клубга же курама командага башкы машыктыруучу болууну тандайт деген суроо көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүн кызыктырып жаткан учуру.
23-июндун жылнаамасы.