Орусиянын президенти Владимир Путин мектеп бүтүрүүчүлөрүн социалдык тармакта "жактыны" басып эле отура бербөөгө чакырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Ал мындай пикирин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жасаган видео кайрылуусунда айткан.
"Социалдык тармакта "жактыны" басуу менен эле чектелбегиле. Изденгиле! Аракеттенгиле! Жаңы билим өздөштүргүлө! Баарыңарды окууну аякташыңар менен куттуктайм! Силерге ийгилик, бакыт, сүйүү жана ири жетишкендиктерди каалайм! Алдыда силерди турмуштун чоң бөлүгү күтүп турат. Аракет менен баарына жетишсе болот. Жаңы ачылыштар, рекорддор менен дүйнөнү таң калтыргыла", - деп каалоо айткан Путин.