24-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда "F" тайпасында беттештер уланат. Анда Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда Германия-Швеция беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Шимон Марчиняк (Польша) болмокчу.
23:51. Германия курамасынын тизмеси:
23:54. Швеция курамасынын тизмеси:
23:57. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Германиянын, андан соң Швециянын гимни жаңырды.
23:58. Топту оюнга Германия курамасы кошот.
00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.
00:01. Мюллер сол канаттан айып аянтчага топту жеткирип берүү аракетин көргөн, бирок анын чыгарып берүүсүнө өнөктөштөрү жеткен жок.
00:02. Вернер жакшы мүмкүнчүлүктү коё берди. Анын ачык дарбазага узаткан соккусун коргоочулар тосуп калышты.
00:03. Германиялык футболчулар алгачкы мүнөттөрдөн топко ээлик кылып чабуулдарын ийгиликтүү аткаруу аракетин көрүүдө.
00:04. Йонас Хектор алыскы аралыктан сокку узатты, бирок анын соккусун коргоочулар тосуп калышты.
00:05. Форсберг айып аянтчага кирүү аракетин көрүп топту алдырып жиберди.
00:06. Юлиан Дракслер топту айып аянтчага чыгарган, бирок топко эч ким жеткен жок.
00:07. Ройс айып аянтчага топту чыгарып кооптуу абал жараткан. Топко коргоочу жетип, аны аянттан сырткары чыгарды.
00:08. Ройс топту бурчтан чыгарып айып аянтчадан өнөктөштөрүн тапкан жок.
00:09. Йонас Хекторго карата эреже бузулду. Топ германиялыктарда.
00:10. Пастар боюнча статистикада Германиялыктар - 110, Швециялыктар - 6
00:12. Швециялыктар каршы чабуулга чыгып кооптуу абал жаратышты. Маркус Берг Нойер менен бетме-бет чыгып сокку узатканга жетишпей калды. Нойер жогорку чеберчиликти көрсөтүүдө.
00:13. Швециялыктар топко ээ болуп төмөнкү ылдамдык менен чабуулун баштоодо.
00:15. Германия курамасы топту тартып алып акырындан чабуулга чыгууда. Азырынча швециялык коргоочулар мүмкүнчүлүк бербей жатат.
00:16. Талаанын орто бөлүгүндө германиялыктар эреже бузууда. Топ швециялыктарда.
00:17. Маркус Берг кайрадан Нойер менен бетме-бет чыккан. Бирок соккусу таамай болгон жок.
00:18. Руди алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло албай калды.
00:19. Юлиан Дракслер атаандашынын айып аянтчасында дарбазачыга каршы эреже бузду.
00:20 Мюллер айып аянтчага кирип келип коргоочу менен топту талашууда ийгиликтүү кыймыл жасай алган жок.
00:21. Топ дагы эле Германия курамасында.
00:22. Тони Кроостун айып аянтчага көтөргөн тобун коргоочу талаадан чыгарды.
00:23. Кроос топту бурчтан кошуп, айып аянтчадан өнөктөштөрүн тапкан жок.
00:24. Рудиге каршы орой оюн орун алган. Руди азырынча талаа үстүндө дарыгерлердин жардамын алууда.
00:25. Руди топту талашып жаткан учурда атаандашынын тизеси анын мурдуна тийип кеткен.
00:26. Руди талаанын сыртынан медициналык жардам алууда.
00:27. Швеция курамасы атаандашы 10 оюнчу менен ойноп жаткан учурдан пайдаланып чабуулга чыкты.
00:28. Швециялыктардын айып аянтчага көтөрүлгөн тобуна алгач Хектор жетип талаадан сырткары чыгарды.
00:29. Талаанын орто бөлүгүндө Мюллерге каршы эреже бузулду.
00:30. Нойердин алдыга чыгарган тобуна Хектор жеткен, бирок офсайд абалында болуп калды.
00:31. Себастьян Руди оюнду уланта алган жок. Илкай Гюндоган аны алмаштырды.
00:32. Г-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Швециялыктар топту орто бөлүктөн тартып алып дароо чабуулга чыкты. Ола Тойвонен Нойер менен бетме-бет келип таамай соккусу менен эсепти 0:1 кылды.
00:33 Топко ээлик кылуу боюнча статистикада: Германия - 77 пайыз, Швеция - 23 пайыз.
00:34. Германиялык футболчу оюн эрежесин бузду. Топ швециялыктарда.
00:35. Германиялык коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп топту алышты. Германия чабуулда.
00:36. Томас Мюллер айып аянтчага жакшы чыгарып берүү жасаган, бирок топту коргоочулар тартып алды.
00:37. Соккулар боюнча статистикада Германия 5, Швеция 3.
00:38. Томас Мюллер жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу. Анын узаткан соккусун дарбазачы кайтара алды.
00:39. Киммих айып аянтчага топту чыгарган, бирок өнөктөштөрү топко жеткен жок.
00:40. Швециялыктардын чабуулу ийгиликсиз болду. Топту Форсберг оюн талаасынан чыгарып алды.
00:41. 40-мүнөттүн жүрүшүндө Германия топко 75 пайыз ээлик кылса, Швеция 25 пайыз.
00:42. Юлиан Дракслер атаандашынын айып аянтчасында эреже бузду.
00:43. Швеция курамасы контр-чабуулга чыгып топту алдырып жиберүүгө үлгүрдү.
00:44. Боатенг алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло албай калды. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
00:45. 1-таймдын негизги беттеши соңуна жетти. Калыс 2 мүнөт кошту.
00:46. Антонио Рюдигер эреже бузду. Швециялыктар айып сокку аткарат.
00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.
01:02. Калыстын ышкырыгы жаңырып 2-тайм старт алды.
01:03. Тыныгуудан кийин Германия курамасында алмаштыруу орун алды. Дракслердин ордуна оюнга Марио Гомес кошулду.
01:04. Алгачкы мүнөттөрдөн Германия топко ээлик кылып чабуулга чыкты.
01:05. Г-о-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Вернердин айып аянтчага аткарган чыгарып берүүсүн Марко Ройс дарбазага таамай багыттап эсепти өзгөрттү.
01:06. Марио Гомес кайрадан кооптуу абал жаратты. Ройстун чыгарып берүүсүнө Гомес жетишпей калды.
01:07. Тони Кроос алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду, бирок коргоочулар топту тосуп алууга жетишти.
01:08. Томас Мюллер 11 метрлик чийиндин жанынан сокку узатып таамай боло алган жок.
01:09. Лустиг эреже бузуп сары айып кагазын алды. Топ Германия курамасында.
01:10. Германиялыктардын чабуулу ийгиликсиз болду. Ройстун чыгарып берүүсү таамай болбой талаадан сыртка чыгып кетти.
01:11. Соккулар боюнча статистикада эсеп саны 10:4. Германия алдыда.
01:12. Тимо Вернер жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Бирок калыс офсайд абалын байкап чабуулду токтотту.
01:13. Хектор айып аянтчанын ичинен сокку узатканга жетишти. Анын соккусун дарбазачы тосуп алганга жетишип калды.
01:14. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада Германия - 76 пайыз, Швеция - 24 пайыз.
01:15. Марио Гомес каршы чабуулга чыгып 2 коргоочуну алдап өтө алган жок.
01:16. Швеция курамасы топко ээлик кылып чабуулга чыкты.
01:17. Марко Ройс айып аянтчага чыгарылып берген топту дарбазага кооз ыкма менен сокку узата албай калды.
01:18. Жером Боатенгдин айып аянтчага чыгарып берген тобун коргоочулар тосуп талаадан сыртка чыгарды.
01:19. Кроос алыскы аралыктан сокку узатып коргоочуга тийип калды. Топ дагы эле германиялыктарда.
01:20. Германиялык футболчулардын чабуулу азырынча ийгиликтүү болбой жатат.
01:21. Тони Кроос алыстан сокку узатты. Анын соккусу коргоочуга тийип оюн талаасынан чыгып кетти. Германиялыктар топту бурчтан чыгарат.
01:22. Тони Кроостун бурчтан чыгарылган тобунда алгач коргоочулар болду. Топ швециялыктарда.
01:24. Соккулар боюнча статистика 12:4 болду, Германия алдыда.
01:25. Марио Гомес дарбазачы менен бетме-бет келип, анын 5 метр аралыктан узаткан соккусу дарбазадан жогору өттү.
01:26. Тони Кроос катачылык кетирип топту атаандашына берип алды. Швециялыктар чабуул жасоого аракеттенип жатышат.
01:27. Марио Гомес офсайд абалында болуп калды.
01:28. Боатенг атаандашын жыгыткан үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.
01:29. Швециялык футболчу колу менен ойноп германиялыктар айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алды.
01:30. Тони Кроостун айып аянтчага көтөрүлгөн тобуна Гомес жетишпей калды. Коргоочу топту айып аянтчадан чыгарды.
01:31. Швеция курамасында алмаштыруу орун алды. Виктор Клаэссондун ордуна Жимми Дурмаз оюнга кошулду.
01:32. Швециялыктар топту бурчтан кошконго мүмкүнчүлүк алды. Аны Аугустинссон аткарат.
01:33. Бурчтан көтөрүлгөн топту Форсберг жыйынтыктап таамай боло албай калды. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
01:34. Берг чабуулдан эреже бузууга жол берди. Калыс аны байкап топ германиялыктарга кайтып келди.
01:35. Щвеция курамасында дагы бир оюнчунуалмаштыруу орун алды. Жон Гвидетти Ола Тойвонендин ордуна чыкты.
01:36. Томас Мюллер айып аянтчадан атаандашын жыгытып эреже бузду.
01:37. Тибо Вернер айып аянтчанын ичинен Ройстун чыгарып берген тобун дарбазага багыттады. Бирок ал таамай боло алган жок.
01:38. Боатенг атаандашын жыгытып эреже бузду. Швециялыктар айып сокку аткарат.
01:39. Калыс жардамчылары менен сүйлөшүп Боатенгге 2-сары айып кагазып ыйгарды. Боатенг оюн талаасын таштайт.
01:40. Швеция курамасы айып сокку жана топту бурчатан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн колдоно алган жок.
01:41. Эмдуиль Форсберг топту бурчтан чыгарып таамай боло алган жок. Топ талаадан сырткары чыкты.
01:42. Маркус Берг офсайд абалында болду. Калыс аны көрүп чабуулду токтотту.
01:43. Германиялыктарда оюнчу алмашты. Йонас Хекторжун ордуна оюнга Юлиан Брандт кошулду.
01:44. Марио Гомес мыкты мүмкүнчүлүк менен колдонун айып аянтчага көтөрүлгөн топту дарбазага таамай багыттады. Бирок дарбазачы анын соккусун кайтарганга жетишип командасын сактап калды.
01:45. Томас Мюллердин бурчтан чыгарган тобун коргоочулар тосуп алды. Топ швециялыктарда.
01:46. Швеция курамасында алмаштыруу. Маркус Бергдин ордуна оюн талаасына Айзек Кисе Телен чыкты.
01:47. Беттештин негизги убактысы соңуна чыкты. Калыс 5 мүнөт убакыт кошуп берди.
01:48. Кисе Телен дароо эреже бузуу менен айырмаланды. Топ германиялыктардын карамагында.
01:49. Юлиан Брандт мыкты сокку менен айырмаланды Анын соккусу дарбазанын таякчасына тийип оюн талаасынан чыгып кетти.
01:51. Швециялык коргоочу эреже бузуп германиялыктар айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алды.
01:52. Г-о-о-о-о-о-о-о-о-о-о-л!!!!. Тони Кроос акыркы мүнөттө командасын тең чыгуудан сактап калды. Ал айып соккуну мыкты аткарып эсеп санын 2:1 кылды.
01:54. Себастьян Ларссон эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
01:55. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш Германиянын 2:1 эсебинде жеңиши менен аяктады.
01:56. Бул жеңиш менен Германия курамасы "F" тайпасында 3 упайга ээ болуп 2-орунда жайгашты. Ал эми Швеция 3-орунду ээледи.