Дональд Трамп: "Мен АКШнын тарыхында эң мыкты президентмин"
АКШнын лидери Дональд Трамп өзүн өлкө тарыхындагы эң мыкты президент деп эсептейт. Ал мындай пикирин дүйнөлүк таанымал телеканалдардын бирине берген маегинде айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Трамптын пикиринде, ал президент болгондон бери АКШ бир топ жетишкендиктерди багынтты.
"Трамп өлкөнү башкарган 500 күн ичинде ага чейинки президенттер жасай албаган көптөгөн иштерди аткарганын айтты. Ал салыктарды кыскартып, жумушсуздардын санын азайтканын билдирди. АКШ лидери бул иштери менен сыймыктанарын кошумчалады", - деп жазышууда басылмалар.
Трамп президенттик ишине "жакшы кетип жатат" деп баа берген.
Ошондой эле ал АКШнын Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүү чечими резонанс жаратканын айтып, бул ишти аткарууга шайлоо өнөктүгү учурунда сөз берип койгонун эскертти.
Эске салсак, Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп 2017-жылдын январында шайланган.