Бүгүн, 26-июнда ЖКнын жыйынында депутаттар тобу тарабынан демилгеленип, бир жарым жылдан бери талкууланып жаткан “Бишкек шаарынын статусу” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралды. Тармактык комитеттин төрагасы Эркинбек Алымбековдун берген маалыматына караганда, жаңы конституция кабыл алынгандан тарта жергиликтүү өз алдынча башкаруу субъектилеринин ролу өзгөрүп, Кыргызстандын ордо калаасынын макамы азыркы шартка ылайык келбей калган. Бишкек жана Ош шаарлары өлкөнүн саясий, экономикалык, административдик борбору гана эмес, анын илимий, интеллектуалдык жана маданий борбору да болуп саналат. Ошондуктан шаар турмушун жөнгө салуу маселелери мэрлик менен шаардык кеңештин өз ара макулдашуусу аркылуу жөнгө салынууга тийиш. Баяндамачынын айтымында, мурда сунуш кылынган долбоордо эки шаардын тең борбордук статусу бир камтылган, бирок шаар кеңештеринен аларды ажырым кароо талабы келип түшкөндүктөн, ошондой эле конституция жоболоруна ылайык, эки шаардын макамын өз алдынча мыйзамдар аркылуу аныктоо чечими кабыл алынды. Мыйзам долбоорунда борбор шаардын мэрине мэрликтин түзүмүн аныктоо жана аны өз мөөнөтүндө бекитүү үчүн шаардык кеңештин кароосуна киргизүү укугу каралган. Мэрликке мэр, биринчи вице-мэр, вице-мэр, шаардын негизги муниципалдык кызматтары менен мэриянын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери кирет. Мэрлик курамы мэрдин сунуштамасы боюнча шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. Мэр мэрликке караштуу түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринен сырткары шаар аймагында жайгашып, шаар калкынын турмуш-тиричилигин жөнгө сала турган негизги мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызматка дайындайт. Мэрдин ыйгарым укуктары кеңейтилүү менен бирге, анын ишине карата көзөмөл кыйла күчөтүлөт. Мэрди кызматтан алуунун 10 механизми каралган. Ал прокуратуранын демилгеси боюнча кызматтан алынат. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин мыйзам долбоорлору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.