Түркияда белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо башталды

Түркияда мөөнөтүнөн мурда белгиленген президенттик жана парламенттик шайлоо башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, аталган шайлоодо добуш берүүгө 56,3 миллион жаран укуктуу.

"Шайлоого өлкө боюнча старт берилди. Жарандар жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн 17:00гө чейин добуш берүүгө укуктуу. 60тан ашуун өлкөдө жашап жаткан бир нече миллионго чамалуу түрк жараны буга чейин эле добуш берип бүттү", - деп айтылат маалыматта.

Шайлоо президенттикке талапкер катары Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоган ("Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынан), Мухаррем Инже ("Элдик-республикалык оппозициячыл" партиясынан), Селахаттин Демирташ (күрддөрдүн "Элдик-демократия" партиясынан), Мераль Акшенер ("Жакшы" партиясынан), Темел Карамоллаоглу ("Бакыт" партиясынан) жана Догу Перинчек ("Мекен" партиясынан) көрсөтүлгөн.

Алдын ала сурамжылоонун натыйжасында Эрдоган 50 пайызга жетпеген добуш жыйнаган. Мындан улам президенттик шайлоо 2 турдан орун алышы мүмкүн. Эрдоганга атаандаш катары Инженин талапкерлиги чыгары болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fakt
2018-06-24 15:07:27
Эрдоган 50+ % добуш алып отуп кететко буйруса.
+3
Mart19
2018-06-24 15:56:39
Кимиси отсо лира долларга карата кымбаттайт???анткени иним Турцияда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан