Марадона Аргентина курамасынын машыгууларына аны киргизүү керек экендигин айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, мурдагы футболчу Аргентина улуттук курамасы менен Дүйнө чемпиондугун жеңген Диего Марадона аны улуттук курама команданын машыгууларына киргизүүнү талап кылды.
"Мен оюнчулар менен сүйлөшкүм келет. Мен аларга улуттук курама команданын формасын кийип жүрүү эмне экенин түшүндүргүм келет", - деп билдирген Марадона.
Ошондой эле ал өз учурунда курама команданы жеңишке жеткирүү үчүн болгон күч-аракетин жумшап ойногонун айткан.
Айта кетсек, Аргентина улуттук курамасы акыркы оюнда хорватиялыктарга 0:3 эсебинде утулуп, Дүйнө чемпиондугунан четтеп калуу коркунучу жаралган. Бирок нигериялыктар Исландия курамасын 2:0 эсебинде утуп, аргентиналыктардын плей-офф баскычына өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогорулаган. Ал үчүн Сампаолинин шакирттери Нигерияны утушу керек.