Аргентина-Хорватия беттешинен кийин Лионель Мессинин күйөрманы өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Дину Алекс Аргентина-Хорватия беттешинен кийин дайынсыз жоголуп кеткен. Көп өтпөй анын жансыз денеси Индиянын Керал штатындагы Миначил суусунан табылган. Ал үйдөн чыгып кетер алдында кат жазып кеткен.
"Бул дүйнөдө мен көргүм келген эч нерсе калган жок. Мен өлүмгө баратам. Менин өлүмүмө эч ким күнөөлүү эмес", - деп жазылган катта.
Белгилүү болгондой, бухгалтер болуп эмгектенген Алекс Мессинин чыныгы күйөрманы болгон. Ал өзүнүн кесиптештерине Месси сөзсүз түрдө хорватиялыктардын дарбазасына гол киргизерин жана Аргентина жеңишке жетишерин айткан.
"Мен анын беттешти көрүп жатканын көргөм. Ал досторуна эгер Аргентина утула турган болсо, ал башка адамдар менен сүйлөшө албай кала тургандыгын айтып жаткан", - деп билдирген маркумдун атасы.
Алекстин бөлмөсүндө каттан сырткары Аргентина курама командасынын формасы жана Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн смартфондун сыртын табышкан.