"Так талашуу оюну" тасмасында табышкан Роуз Лесли жана Кит Харингтон баш кошту

"Так талашуу оюну" тасмасында табышкан каармандар баш кошту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, "Так талашуу оюну" тасмасынын жылдыздары Роуз Лесли жана Кит Харингтон Шотландияда баш кошушту. Үлпөт кечеси Абердинширде жайгашкан Леслилердин үй-бүлөсүнө таандык эски Рейн чиркөөсүндө өттү. Андан соң түгөйлөр коноктор менен майрамды Уордхилл сарайында улантышты.

Үлпөт той бардык салттар менен өттү. Колукту узун ак көйнөктү тандаса, Харингтон классикалык смокинг кийген. Тойго "Так талашуу оюну" сериалынын жылдыздары келген.

Харингтон жана Лесли 2012-жылы "Так талашуу оюну" тасмасын тартуу учурунда таанышкан. Тасмада Лесли жараткан каарман каза болуп калгандыгына байланыштуу ал 2-сезондон кийин бул киного тартылбай калган. Ал эми Кит тасманын 7 сезонунда тең роль жаратып, атактуу боло алган.

Кит бул тасманы тартуудагы эң мыкты мезгил Исландияда болгонун айтып: "Исландия кооз мамлекет, ал жактагы кооздукту айтып берүүгө мүмкүн эмес. Дал ушул керемет жерде мен сүйүктүүмө ашык болгом", - деп белгилеген.

Мындан сырткары актёр: "Лесли мыкты адам, анын сырткы келбети менен ички дүйнөсү айкалышкан. Мындай бийкечти сүйүп калуу жеңил эле", - деп сезимдери менен бөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aima94
2018-06-25 13:08:41
Красивая пара) Көптөн бери чогуу. Джон Сноу красаффчииик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан