Япония-Сенегал беттеши жеңүүчүнү аныктаган жок

Бүгүн, 24-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын беттештери уланат. Анда "Екатеринбург Арена" стадионунда "Н" тайпасынын алкагында Япония-Сенегал беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Жанлука Рокки (Италия) болмокчу.

20:52. Япония курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Эйдзи Кавасима ("Метц", Франция).
  • Коргоочулар: Юто Нагатомо ("Галатасарай", Түркия), Гэн Седзи ("Касима Антлерс"), Мая Йосида ("Саутгемптон", Англия), Хироки Сакаи ("Марсель", Франция);
  • Жарым коргоочулар: Макото Хасэбэ ("Айнтрахт", Германия), Синдзи Кагава ("Боруссия" Дортмунд, Германия), Гаку Сибасаки ("Хетафе", Испания), Генки Харагучи ("Фортуна" Дюссельдорф, Германия), Такаси Инуи ("Эйбар", Испания);
  • Чабуулчулар: Юя Осако ("Вердер", Германия).

20:54. Сенегал курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Хадим Н'Диайе ("Хоройя", Гвинея);
  • Коргоочулар: Калиду Кулибали ("Наполи", Италия), Мусса Ваге ("Эйпен", Бельгия), Юссуф Сабали ("Бордо", Франция), Салиф Сане ("Ганновер", Германия);
  • Жарым коргоочулар: Папа Ндиайе("Бирмингем Сити", Англия), Альфред Н'Диай ("Вулверхэмптон", Англия), Идрисса Гуйе ("Эвертон", Англия), Исмаила Сарр ("Ренн", Франция);
  • Чабуулчулар: Садьо Мане ("Ливерпуль", Англия), Мбай Ньянг ("Торино", Италия).

20:57. Командалар оюн талаасына чыгып мамлекеттик гимндер жаңырды.

20:58. Командалар беттешти баштоого даяр. Топту оюнга Япония курамасы кошот.

21:00. Жанлукка Рокки беттешке старт берди.

21:01. Сенегал курамасы алгачкы мүнөттөрдөн чабуулга чыгып, эсеп санын ачууга мүмкүнчүлүгүн коё берди. Мбай Ньянг жакынкы аралыктан сокку узата албай калды.

21:02. Исмаила Сарр командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

21:03. Альфред Н'Диай талаанын ортосунда эреже бузду. Топ Япония курамасында.

21:04. Мбай Ньянг жалгыз чабуулга чыгып айып аянтчага кирүү аракетин көрдү. Бирок коргоочу мыкты оюн көрсөтүп топту талаадан сыртка чыгарды.

21:05. Юссуф Сабали алыстан кубаттуу сокку узатып, бирок таамай боло алган жок.

21:06. Юссуф Сабали сол канаттан айып аянтчага кирип келип өнөктөштөрүнө топту чыгарып берген, бирок топто алгач дарбазачы болуп топту тосуп алды.

21:07. Идрисса Гуйе атаандашын жыгылтып оюн эрежесин бузду. Топ япониялыктарда.

21:08. Сенегалдык футболчулардын чабуулу азырынча ийгиликсиз болууда. Айып аянтчага көтөрүлгөн топто алгач коргоочулар болду.

21:11. Го-о-о-л! Эсеп 0:1. Садио Мане эсеп санын ачты. Гуйенин соккусун дарбазачы Манеге кайтарып, Мане таамай сокку менен гол киргизди.

21:13. Ньянг оң канаттан сокку узаткан, бирок Кавасима топту тосуп алды.

21:15. Макото Хасэбэ алыскы аралыктан сокку узатып өзүнүн өнөктөшүнө тийип калды. Япониялыктар контр-чабуулдан жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу.

21:17. Осакого айып аянтчага топ чыгарылып берген. Бирок Осако топко жетпей калды. Осако дарбазачы менен бетме-бет чыкмак.

21:18. Мбай Ньянг офсайд абалында болуп калды.

21:19. Такаси Инуиге каршы эреже бузулду. Япониялыктар айып сокку аткаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

21:20. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко япониялыктар жеткен жок. Коргоочулар топту тосуп алышты.

21:21. Мбай Ньянг айып аянтчанын ичинен сокку узатты. Таамай узатылган соккуну Кавасима секирип тосуп алды.

21:23. Хасэбэ оюн эрежесин бузду. Топ Сенегал курамасында.

21:26. Мбай Ньянг командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

21:28. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада 53 пайыз - Япония, 47 пайыз - Сенегал.

21:31. Садио Мане атаандашы менен кагылышып, медициналык жардамга муктаж.

21:33. Го-о-о-л! Эсеп 1:1. Япония курамасы мыкты чабуул аткарып, Инуи айып аянтчанын ичинен таамай сокку менен эсепти тең кылды.

21:35. Япония курамасы гол киргизген соң күчтөнүп уламдан улам чабуулга чыгып, кооптуу абалдарды жаратууда.

21:36. Мбай Ньянг талаанын орто бөлүгүндө атаандашын жыгылтып эреже бузду. Топ япониялыктарда.

21:38. Мбай Ньянг дарбазачы менен бетме-бет кез келип гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн коё берди. Кавасима анын соккусун кайтара алды.

21:39. Генки Харагучи алыскы аралыктан сокку узатып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.

21:41. Юссуф Сабали сол канаттан чабуулга чыгып, командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

21:42. Н'Диай топту бурчтан чыгарып таамай болгон жок. Айып аянтчага көтөрүлгөн топто алгач коргоочулар болду.

21:43. Манеге каршы эреже бузулуп, сенегалдыктар айып сокку аткарат.

21:44. Исмаила Сарр оң канаттан чыгарып берүүнү кабыл алган, бирок ал офсайд абалында болуп калды.

21:45. 1-таймдын негизги убактысы соңуна жетип, калыс 1 мүнөт кошуп берди.

21:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады. 1-бөлүктүн жыйынтыгында эсеп 1:1.

22:02. Жанлукка Рокки 2-таймга старт берди.

22:03. Сенегал курамасынын айып аянтчага көтөрүлгөн топту Мая Йосида талаадан сыртка чыгарды. Ал атаандашынын кооптуу чабуулун токтото алды.

22:04. Сенегал курамасы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен ийгиликтүү колдоно алган жок.

22:05. Осако айып аянтчага чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттаган. Анын соккусун Хадим Н'Диайе секирип тосуп алды.

22:06. Мбай Ньянг алыстан сокку узатып таамай боло алган жок. Топ дарбазадан бир топ алыс өтүп кетти.

22:08. Маненин чыгарып берүүсүнөн кийин Альфред Н'Диай айып аянтчанын чийининен сокку узаткан. Анын соккусу таамай болбой дарбазадан бир топ жогору өттү.

22:09. Мбай Ньянгга каршы оюн эрежеси бузулду. Топ учурда сенегалдык футболчуларда.

22:10. Япониялык коргоочу Садио Манени жыгытып, калыс эреже бузууну байкады. Сенегалдыктар айып сокку аткарат.

22:11. Мбай Ньянг алыстан сокку узатып таамай болгону менен, анын соккусун дарбазачы тосуп алды.

22:12. Макото Хасэбэ бетке сокку жеп, оюн талаасында дарыгерлердин жардамын алууда.

22:13. 35 миң көрүүчү баткан стадиондо футбол күйөрмандары жасалма толкун жаратууда. Бул абдан кооз көрүнүш.

22:15. Мбай Ньянг атаандашына колу менен сокку жасаганы үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

22:17. Осако мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Ал айып аянтчага чыгарылып берген топко жетпей калды.

22:19. Кагаванын чыгарып берүүсүнөн кийин Осако дарбазага сокку узатты. Бирок ал таамай болбой топ дарбазадан алыс өттү.

22:20. Инуи айып аянтчадан сокку узатып дарбазанын таякчасына тийип калды. Инуинин аткаруусунда мыкты сокку болду.

22:21. Сенегал курамасында алмаштыруу Альфред Н'Диайенин ордуна Шейх Куяте оюн талаасына чыгат.

22:22. Садио Мане талаанын орто бөлүгүндө Кагавага карата эреже бузду. Топ учурда япониялыктардын карамагында.

22:23. Инуи атаандашын кулатып сары айып кагазын алды. Сенегалдыктар айып сокку аткарат.

22:24. Айып соккуну Садио Мане аткарат.

22:25. Айып соккуну сенегалдыктар пас менен аткарышты. Айып аянтчага чыгарылган топту коргоочулар тосуп, дароо айып аянтчадан сыртка чыгарышты.

22:27. Го-о-о-л!. Эсеп 1:2. Мусса Ваге айып аянтчанын ичинен Ньянгдын чыгарып берүүсүн соң таамай сокку узатып, дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.

22:28. Япония курамасында алмаштыруу орун алды. Синдзи Кагаванын ордуна талаага Кейсуке Хонда чыкты.

22:31. Осака бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттаган. Бирок анын соккусун коргоочу тосуп алды.

22:32. Япония курамасында дагы бир алмаштыруу. Синдзи Окадзаки Генки Харагучинин ордуна чыкты.

22:34. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 2:2. Хонда айып аянтчанын ичинен ээн дарбазага гол киргизип азырынча командасын жеңилүүдөн сактады.

22:37. Оказаки айып аянтчага чыгарылган топко жетпей калды. Жакшы мүмкүнчүлүктү коё берип жиберди.

22:38. Сенегал курамасында алмаштыруу. Шейх Н'Дойе Папа Ндиайенин ордуна чыкты.

22:40. Инуи сол канаттан чабуулга чыгып топту кабыл алган. Бирок ал офсайд абалында болуп калды.

22:41. Шейх Куяте айып аянтчага көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттаган, бирок анын соккусу таамай болгон жок.

22:42. Сенегал командасында алмаштыруу орун алды. Мбай Ньянгдын ордуна Маме Диуф оюнга кошулду.

22:43. Япониянын машыктыруучусу дагы курамада алмаштыруу жасады. Такаси Инуинин ордуна Такаси Усами чыкты.

22:46. Япониянын контр-чабуулун эреже бузуу менен токтоткону үчүн Юссуф Сабали сары айып кагазын алды.

22:47. Дагы бир сары айып кагазын сенегалдык футболчу алууда. Анын ээси Шейх Н'Дойе болду.

22:48. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып калыс 4 мүнөт кошуп берди.

22:50 Макото Хасебе Садио Манени жыгылтып, сары айып кагазын алды.

22:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады.

22:52. Командалар 2:2 эсеби менен беттешти жыйынтыктап 1 упайдан алышты. Муну менен "Н" тайпасында Япония менен Сенегал 4 упай менен 1-орунду талашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Chagylgan1
2018-06-24 21:04:47
Сенегал утат го деп турам...
0
Alixan-Nookat.2015
2018-06-24 21:11:38
0:1
0
Alixan-Nookat.2015
2018-06-24 21:12:26
Сенегал 1 гол киргизди
0
Alixan-Nookat.2015
2018-06-24 21:33:58
1:1
+1
Alixan-Nookat.2015
2018-06-24 22:28:11
1:2
+1
Avtandil.
2018-06-24 22:28:27
Сенегал - Япония 2:1
0
Alixan-Nookat.2015
2018-06-24 22:35:05
2:2
+3
Alixan-Nookat.2015
2018-06-24 22:36:24
Хонда гол киргизди
+1
Chagylgan1
2018-06-24 22:57:11
Орусча айтканда сумасшедший матч...

Бул группада интрига сакталууда. Кийинки турга ким чыгаары дагы да болсо белгисиз...

4 курама команда тен дээрлик бирдей оюн корсоткон, бир-бирине тената командалар...
+1
saltanat.
2018-06-25 01:15:55
Эрим ташып жүрөт ушуларды эки жака.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан