Индиянын Гоа штатындагы 24 пляжда селфи жасоого тыюу салынып, атайын белгилер коюлат. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Гоадагы пляждарда туристтер суу үстүндө сүрөткө түшүү учурунда каза болгон окуялар көп катталууда. Мындан улам жергиликтүү куткаруучулар селфи жасоого тыюу салуу керек деген демилгени көтөрүп чыгып, бул демилге колдоо тапкан. Эми сууга түшүүчү жерлерге атайын "Селфи жасоого тыюу салынат" деген жазуусу бар кызыл желекчелер орнотулат.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Индия мамлекети селфи жасоо учурунда каза болгон кырсыктар боюнча алдыңкы сапта жайгашкан.