"Биз согуштан кийин Сирияны өз күчүбүз менен калыбына келтиребиз", - деген пикирин Сириянын президенти Башар Асад телеканалдардын бирине берген маегинде айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Асад аталган маегинде Сириядагы согушка байланыштуу бир нече маселелер боюнча өз пикирин, көз карашын билдирген.
Анын айтымында, учурда Сирияда болуп жаткан кандуу кагылышууларды "жарандык согуш" деп атоого болбойт.
"Бизде согушту токтотуу үчүн 2 жол бар. Биринчи жана негизги жол - бул элдешүү. Экинчи жолубуз террористтерге чабуул жасоо. Албетте, экинчи жолубуз Сирияга жаман таасирин тийгизет. Бирок бул учурда Сирияга көзөмөл жүргүзүү үчүн эң туура вариант болууда.
Биздин өлкөдөгү кандуу кагылышууларды "жарандык согуш" деп атоого болбойт. Сириялык эмес адамдар гана бири-бирин атышат. Азыркы согушуп жаткандар - жалданма согушкерлер, террористтер. Мен Сирия экиге бөлүндү деп ойлобойм. Биз бир элбиз", - деген Башар Асад.
Ошондой эле ал Сирияда согуш аяктаган соң калыбына келтирүү иштерин өлкө өз моюнуна ала турганын кошумчалады. "Азыр өлкөдө согуш болуп жатат. Бирок биз Сирияны өз күчүбүз менен калыбына келтиребиз. Биз буга ишенебиз. Ага биз ойлогондон да көп убакыт кетиши мүмкүн", - деп билдирген Сирия президенти.
Эске салсак, Сирияда 2011-жылдан бери согуш болуп келүүдө. Дүйнө коомчулугу аталган кандуу кагылышууларды "жарандык согуш" деп атаган. Кагышып жаткан тараптар Сирия президенти Башар Асаддын командасы жана исламдын сунний багытын карманган сириялыктар, оппозиция, күрддөр, ислам мамлекетин курууну көздөгөн радикалдык топтор. Сирия өкмөтүнө Орусия менен Иран бийлиги көмөк көрсөтүүдө. Ал эми оппозициялык топторго батыш өлкөлөрүнөн колдоо болуп келет.