Италияда сууга чөгүп жаткан качкындарды куткарууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Италиянын бийлик өкүлдөрү Жер Ортолук деңизиндеги куткаруучу кемелерге качкындар келе жаткан кайыктарга жардам көрсөтүүгө тыюу салды.
Белгилүү болгондой, Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвин өлкө мындан ары бир дагы качкынды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген. 24-июнь күнү Италиянын куткаруу кызматы качкындарды ташып келе жаткан 6 кемеден жардам керек экендиги тууралуу билдирүүлөрдү алган. Бирок Рим качкындардын кемелери Ливиянын аймагында жүргөнүн билдирип жоопкерчиликти Триполиге жүктөшкөн.