20 жашында миллионер болууга жетишкен америкалык ырчы, актриса, модель Ариана Гранде бүгүн, 26-июнда 25 жашка толду. Ал 1993-жылы АКШнын Флорида штатындагы Бока-Ратон шаарында төрөлгөн.
Атасы Эдвард Бутера ишкер, апасы Жоан Гранде үй кожойкеси болсо да, балдарын искусствого жакын өстүрүшкөн. Кичинекей Ариананы тили чыгып баштаганда эле балдар театрына берип, актрисалык дареметин арттырууга көмөк көрсөтүшөт. Тилекке каршы, Ариана 8 жашка кадам таштаганда ата-энеси ажырашып кетишет. Бул кайгыдан театрда ойногон ролдору менен алаксыйт.
14 жашка толгондо ырчы кыз музыкалык менеджерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Лос-Анжелеске келет. Ал "Бродвей" театрындагы (Нью-Йорктогу Бродвей көчөсүнүн атынан коюлган театр) мюзиклдарга катышып режиссёрлордун көзүнө илинип, "Виктория - жеңүүчү" сериалында ойноого мүмкүнчүлүк алат. 17 жашында үн жаздыруучу компания менен биринчи келишимин түзөт. 2013-жылы 30-августта "Yours Truly" аталышындагы өзүнүн алгачкы альбомун чыгарган. Биринчи жумада эле альбомдун 138 миң даанасы сатылган. Кийинки жылы 25-августта "My Everything" деген экинчи альбому жарык көрүп, алгачкы жумада 169 миңи сатылып кеткен. Андан кийин "Dangerous Woman" альбому 2016-жылдын 20-майында жарыкка чыккан.
Ариана Гранде атактуу ырчылар Шакира, Бритни Спирс, Рианна, Селин Дион жана Уитни Хьюстондун үнүн телеберүүлөрдө жазбай туураганы менен популярдуулугун арттыра алган.
2014-жылы америкалык рэп ырчысы Биг Шон менен кыз-жигит болуп, алардын мамилеси 1 жылга араң жетет. 2015-жылы ирландиялык ырчы Найл Хоран менен мамиле түзгөн. Ошол учурда Найл Хоран менен кондитердик дүкөнгө келген Гранде текчеден таттуу токочту алып, аны жактырбай "бул эмне деген шумдук?! Мен Американы жана америкалыктарды жек көрөм..." деген видео интернетке жайылып, чуу жаратат. Ырчы бул жоругу тууралуу коомчулук алдында кечирим сураган. Бирок кезинде АКШнын президенти Барак Обаманын алдында Уитни Хьюстондун ырын аткарганга жетишкен жаш ырчыга бул окуядан кийин Ак Үйдүн эшиги жабылган.
2016-жылдын август айынан тарта америкалык рэпер Мак Миллер менен кыз-жигит болуп жүрүп, сүйүшкөндөр ушул жылдан май айында эки башка жолго түшкөн.
Аз убакыт ичинде катарынан концерттик турнелерге чыгып, 3 альбом чыгарып, 20 жашында 14 миллион доллар киреше тапкан. Жаш экенине карабай ырчы кайрымдуулук акция, долбоорлорго активдүү катышып келет.
26-июндун жылнаамасы.