SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмне кылсам... Жардам бергени барбай деле койсом болобу?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Саламатсыздарбы? Бул жакка жазып жатканымдын себеби төмөндөгүчө: Төрт-беш күндөн кийин кайын сиңдимдин тою болот. Мен жакында төрөгөм, кыркыбыз да чыга элек, эми жыйырма күн болду.
Азыр күйөөм менен шаардабыз. Тойго жардам бергени барбай деле койсом болобу? Күйөөм түшүнөт, тойго барасыңбы, кыйналбайсыңбы деп жатат. Кайын сиңдим болсо айылда иштер калды, эч нерсе бүтпөптүр, качан барасыз деп сурап жатат... "Билбейм" деп койдум, бирок..." - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Мен, мисалы, жардамдашканы турмак, тойго да бармак эмесмин. Андай жерде бала каралбайт, бала эмес, өзүңдү караганга убакыт болбойт".
- "Сиздердин үй-бүлөңүздөрдүн мыйзамдары кандай экенин билбедим го, бирок кайын сиңди өзү барып жыйса болбойбу? Жаңы төрөгөн келинге эч ким иш кыл деп айтпаса керек, тескерисинче, төрөгөн келин жардамга муктаж. Мен да жумуш кылмак түгүл, тойлорго бармак эмесмин, жүдөйсүң, анын үстүнө көпчүлүктүн арасына алып баруу ымыркайга да зыян".
- "Төрөп койгонсуп ал акыбалды эч качан түшүнбөйт эркектер, 20 күн эми болсо... Бирок барбасаңыз баары бир жаман көргөндөр болбой койбойт. Кайненеңиз не дейт, кел деп жатабы? Түшүнсө керек... же көз көрүнүп койгонуңуз дурус, жок дегенде бир күн".
- "Бир жериңди кесип ала тургансып кел десе эле барып албай, кечирип коюңуз, мен бара албайм деп түшүндүрүп айт. Кайненең менен сүйлөш, өзүң сүйлөшө албасаң, жолдошуңду ортого сал.
Шаарда өзүңдү-өзүң карап жатсаң да баары бир тыным жок, сени бирөө кароо керек. Шаар десе эле бүт жумушту робот жасай тургансып элестетип алабыз. Эң башкысы, кайненең менен келишип ал, себеби ошол кишиден көз каранды го бардык нерсе".
- "Мисалы, менин кайненем "кой, рахмат кызматына, келбегиле" демек. Аябай баласаак, небересин аямак.
Барбай эле койгонуң жакшы, белиң жакшы ката электе чара-чара идиш көтөрүп, кечке муздак сууга идиш жууп ооруп каласың. Андан көрө уруш уксаң угасың, ден соолук өзүңө эле керек. А кайын сиңдиң сүйлөй берет. Турмушка чыксын, төрөсүн, анан түшүнөт. Той өтө берет, көпчүлүк менен кошуналар жардамдашып. Иш эч качан бүткөн эмес. Ден соолугуңду кара, күнү-түнү иштеп биздин энелер өткөн, биз дагы өтөбүз, анан биздин балдар дагы... Иш эч качан бүтпөйт".
- "Келиндерге эле кыйын экен. "Эмне кылайын апа? Барайынбы же жокпу? Бирок тыңый элекмин. Бала эмне болот?" деп кайненең менен кеңешип көр да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.