Гарри Кейн - 5 гол
2 турдун жыйынтыгында бомбардирлердин тизмесинде 1-орунду англиялык Гарри Кейн ээлеп келүүдө. Англиянын 24 жаштагы чабуулчусу Тунис менен беттеште 2 гол киргизип, Панама менен беттеште 3 гол киргизгенге жетишкен. Бул жыйынтык менен ал азырынча сап башында турат.
Криштиану Роналду, Ромелу Лукаку - 4 гол
Бомбардирлердин тизмесинде 2-орунду португалиялык Криштиану Роналду жана бельгиялык Ромелу Лукаку талашып келүүдө. Роналду 1-турдун алкагында Испания менен орун алган беттеште 3 жолу айырмаланып, 2-турда Марокконун дарбазасына 1 гол киргизген. Ал эми Лукаку Панама курамасына 2 гол жана Тунис курамасына 2 гол киргизген.
Денис Черышев, Диего Коста - 3 гол
3-орунда 3 жолу айырмаланган орусиялык Денис Черышев жана испаниялык Диего Коста жайгашкан. Денис Черышев Сауд Арабия менен болгон беттеште 2 гол жана Египет менен болгон беттеште 1 гол киргизген. Ал эми Диего Коста Португалиянын дарбазасына 2 гол жана Ирандын дарбазасына 1 гол киргизген.
2 гол киргизген футболчулар
Андан тышкары 2 гол менен Артём Дзюба (Россия), Фелиппе Коутиньо (Бразилия), Лука Модрич (Хорватия), Эден Азар (Бельгия), Ахмед Муса (Нигерия), Миле Единак (Австралия) жана Жон Стоунз (Англия) айырмаланышкан.