Бүгүн, 25-июнда 20:00дө Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында өтө турган Египет-Сауд Арабия оюну орун алды. Беттештин башкы калысы - Сесар Рамос Паласуэлос (Мексика).
19:50. Сауд Арабиянын курамы: Аль-Мосаилем, О. Хавсави, Аль-Бураик, Аль-Фарадж, Бахбри, Аль-Шахрани, Отаиф, Аль-Мокахви, Аль-Давсари, Аль-Муваллад, М. Хавсави.
Египеттин курамы: Эссам эль Хадари, Ахмет Фатхи, Али Габр, Ахмед Хегази, Мохаммед Абдель-Шафи, Мохаммед Эльнени, Тарек Хамед, Мохаммед Салах, Абдаллах Саид, Махмуд Трезеге Хассан, Марван Мохсен.
19:55. Командалар оюн талаасына чыгып, эки өлкөнүн гимни жаңырды.
20:00. Оюн башталды.
20:03. Оюндун алгачкы мүнөттөрү жай темп менен өтүүдө.
20:04. Сауд Арабиянын оюнчулары чабуулга чыгып, бирок өтө кооптуу абал жарата алган жок.
20:05. Эки команда тең алдыга умтулууга белсене элек. Топ ар бир командада кезек-кезеги менен айланууда.
20:06. Эскерте кетсек, Египет жылдызы Мохаммед Салахтын оюнга чыкпай турганы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок Салах учурда оюн талаасында.
20:08. Сауд Арабия чабуулга чыгып, оюндагы алгачкы бурчтан тебүүнү аткарды. Бирок чыгарылган топ сауд арабиялыктардын башын таап бара алган жок.
20:10. Египеттиктер жооп кайтарууга аракет жасап, бирок Мохаммед Салахка топту жеткирип бере алышкан жок.
20:14. Египеттиктердин чабуулунан кийинки Сауд Арабиянын каршы чабуулун буга чейинки эң кооптуу абал деп атасак жарашчудай.
20:18. Салах оюнду өз колуна алып, чабуулга чыгууга кылган аракети ишке ашпай калды.
20:21. Гоооол!!! Мохаммед Салах оюн эсебин ачты. Ал керемет чыгарылган пасты дарбазачынын башынан ашыра алды.
20:23. Кооптуу абал. Мохаммед Салах кайрадан чабуулга өтүп, дарбазачы менен бетме-бет чыкты. Бирок бул ирет Мохаммед Сауд Арабияны кечирип койгон өңдүү.
20:25. Оюндун чейрек бөлүгүнүн жыйынтыгында Сауд Арабиясы топко ээлик кылууда.
20:29. Сауд Арабиясынын дагы бир дарбазаны көздөй узаткан соккусу дарбазадан өйдө кетти.
20:31. Жашылдардын бурчтан чыгарган тобу жыйынтык берген жок.
20:33. Голдон кийин оюндун ыргагын өз колуна алган арабиялыктардын аракетинен жакшы майнап чыга элек. Тескерисинче, фараондордун каршы-чабуулга чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк улам-улам түзүлүүдө.
20:36. Арабиялыктардын чабуулун Аль-Фари жыйынтыктады. Бирок анын соккусун Египеттин коргоочусу өзүнө кабыл алып, топту чийинден чыгарды. Бурчтан чыгарып берүү орун алып, бирок андан да майнап чыккан жок.
20:39. ПЕНАЛЬТИ. Арабиялыктардын чабуулчусун Египет коргоочусу колу менен тосуп алды.
20:41. Египеттин дарбазачысы 11 метрлик айып соккунун мизин майтара алды. Эль Хадари чыныгы капитандык оюн көргөзүүдө.
20:44. Арабиялыктардын бурчтан чыгарып берүүсү кооптуу абалды жарата алды. Бирок азырынча египеттиктер коргонууда мыкты.
20:45. Оюндун биринчи бөлүгүнүн негизги убактысы соңуна чыгып, калыс кошумча 3 мүнөт кошуп берди.
20:47. Кайрадан 11 метрлик айып сокку. Египеттиктер коргонуу учурунда Сауд Арабия чабуулчусун колу менен токтоткон.
20:48. Египет оюнчусу Али Габр сары айып кагазы менен "сыйланды".
20:49. Бул ирет Египет дарбазачысы соккуну тосо алган жок. Голдун автору - Салман аль-Фарадж.
20:49. Калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар тыныгууга кетишти.
21:07. Калыс ышкырыгы жаңырып, оюндун экинчи бөлүгү башталды.
21:09. Египеттиктер тез чабуулга өтүүгө аракет кылып, бирок чабуулчу офсайд абалына кабылып калган.
21:11. Сауд Арабиясынын бурчтан чыгарып берген тобун египеттиктер артка кайтара алышты. Жашылдардын ою боюнча муну алар эреже бузуунун жардамы менен жасашкан. Ал эми калыс бул учурга көңүл бурган жок.
21:14. Арабиялыктар экинчи бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө топко ээлик кылып, байма-бай чабуулга өтүүгө белсенишүүдө. Бул Египеттин контр-чабуулунан сактайбы же жокпу алдыда көрө жатарбыз.
21:16. Сауд Арабиясы дагы бир кооптуу абал жарата алды, бирок топ дарбазадан өйдө кетти. Ага актар каршы чабуул менен жооп берип, стандарттык абалга ээ боло алышты.
21:20. Айта кетчү нерсе, Салах өзүнүн голун өтө кубануу менен майрамдаган жок. Буга анын плей-офф баскычына баары бир чыга албай калуусубу же арабиялык туугандарынын дарбазасына киргизген топ кубаныч алып келбедиби, айтор, белгисиз. Балким, анын "алтын топту" утууга болгон мүмкүнчүлүгү дээрлик жоголгону себептир.
21:24. Сауд Арабиялыктар байма-бай кооптуу абалды жаратууда. Чабуулчунун дагы бир учурун Али Габр токтотуп кала алды.
21:26. Египеттиктердин бат-баттан жаралып турчу каршы чабуулдары азайып бара жатат.
21:27. Алмашуу. Актардын 9-номердеги оюнчусу Маруан Мохсенди Рамадан Сабхи алмаштырды.
21:30. Оюн талаасынын ортосунда топко Мисир оюнчулары ээлик кылышууда.
21:32. Египеттиктер жараткан жарым кооптуу абалга арабиялыктар дарбазага таамай узаткан сокку менен жооп кайтарды. 45 жаштагы Мисирлик дарбазачы өз ордунда.
21:33 Египеттиктердин сейрек чабуулдарынын бири Салахтын таамай эмес узатылган соккусу менен соңуна чыкты.
21:36. Оюн өз ыргагынан жайлап, эки команданын кезек-кезеги менен топ башкаруусунда өтүүдө.
21:37. Аңгыча Сауд Арабиясына каршы эреже катталып, эркин соккуга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Топ дарбаза мамысынан алда канча бийиктикте өттү.
21:39. Мохаммед Салах уюштурган чабуул бурчтан чыгаруу менен аяктады. Бурчтан чыгуу кайра эле бурчтан чыгаруу менен укугу менен жыйынтыкталды.
21:42. Жашылдардын курамында алмашуу. Хаттан Бахебрри ордун Моханнад Ассериге бошотуп берди.
21:44. Фараондордун уюштурган дагы бир ылдам чабуулу дарбазага топту узатуу менен аяктады. Бирок Сауд арабиясынын дарбазачысы тосо алды. Анан дагы чабуулчу офсайд абалында болгон.
21:53. Эки команда тең ушул эсепке макул болгондой түр көрсөтүүдө. Аңгыча калыстын жардамчысы оюнга 4 мүнөт кошулганын кабарлады.
21:57. ГОЛ! Беттештин соңку көз ирмемдеринде Сауд Арабиянын оюнчусу - Аль Досари жашылдарды алдыга таамай соккусу менен сүйрөп чыкты.
21:59. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн 2:1 эсебинде Сауд Арабиясынын пайдасына жыйынтыкталды.